Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры Россиядагы эл аралык фестивалга катышат

Маданият 11 Сентябрь 2025 16:20
545807753_1084179193873836_996052301692200472_n.jpg
546548383_1084179187207170_2201331193574017084_n.jpg
547179990_1084179243873831_84309275063941403_n.jpg
546892213_1084179220540500_4050438349720462135_n.jpg
547268475_1084179153873840_5872934668701154660_n.jpg
Алдыга
Артка
545807753_1084179193873836_996052301692200472_n.jpg
546548383_1084179187207170_2201331193574017084_n.jpg
547179990_1084179243873831_84309275063941403_n.jpg
546892213_1084179220540500_4050438349720462135_n.jpg
547268475_1084179153873840_5872934668701154660_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 11.09.25. /Кабар/. Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры 2025-жылдын 14–19-сентябрь күндөрү Россиянын Рязань жана Петрозаводск шаарларында өтө турган "Рязанские смотрины" аттуу XX эл аралык театр фестивалдарына катышат.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, театр белгилүү драматург, КР эл жазуучусу Кыялбек Иманалиевдин "Үмүт", жана Э.Шмидтин "Письмо Самолётик" спектаклдерин тартуулайт.

Белгилей кетсек "Үмүт" спектакли буга чейин Өзбекстан, Казакстанда өткөн Евразиялык I эл аралык театр фестивалдарына бир нече жолу катышып, жогорку баага татыган. 2025-жылдын 27-мартында Москвада өткөн “M.@rt.контакт” VII эл аралык театралдык жаштар форумунда бул спектакль чоң ийгиликке жетишкен. Башкы ролду аткарган КР эл артисти Назира Мамбетова "Эң мыкты аялдын образы", ал эми спектакль "Эң мыкты сценография" номинацияларын жеңип алган.

Ал эми "Письмо Самолётик" спектакли да эл аралык деңгээлде таанылып келет. Ал 2021-жылы Өзбекстанда өткөн фестивалда, 2023-жылы Москвадагы Чехов атындагы V эл аралык театр фестивалында, ошондой эле 2025-жылы Екатеринбург ТЮЗ театрынын чоң сахнасында коюлган.