УКМК: Эттин баасын атайылап көтөргөндөр жоопкерчиликке тартылат

Коом 18 ноябрь 2025 11:08
1.jpg
11.jpg
583164176_1343964304178052_3770081036604572243_n.jpg
583218865_1343963964178086_4622598456608017896_n.jpg
583322780_1343964000844749_4324246565401042079_n.jpg
584304212_1343964214178061_3054719989755562781_n.jpg
584311934_1343964227511393_196404005522041550_n.jpg
584436387_1343964074178075_3002211706661375291_n.jpg
584557593_1343964224178060_3023882912802852706_n.jpg
584704040_1343964007511415_6042127784588806309_n.jpg
584917648_1343964110844738_5042603045642225994_n.jpg
584934358_1343963997511416_3880105917413808110_n.jpg
584974492_1343964104178072_401705783447001643_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon УКМК

Бишкек, 18.11.25. /Кабар/. Бишкекте эт азыктарын саткан ири ишкерлер менен жолугушуулар өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Жолугушуулар азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана эт азыктарынын бааларын мамлекеттик жөнгө салуу боюнча киргизилген талаптарды сактоо максатында уюштурулду.

Ага Бишкек шаардык мэриясынын, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышты.

2025-жылдын 11-августунан тартып азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында, министрлер кабинети эттин баасын мамлекеттик жөнгө салуу тартибин киргизген. Ага ылайык жөнөкөй эттин 1 килограммы үчүн болгон баа 700 сом, ал эми сулп эт 790 сомдон ашпашы керек.

Баарлашуу учурунда ишкерлерге белгиленген өкмөттүк эрежелерди сактоо жана эт азыктарынын бааларын жасалма түрдө көтөрүүгө жол бербөө зарылдыгы жөнүндө маалымат берилди.

Ошондой эле эт азыктарына жасалма түрдө бааларды көтөрүү жана эттин бааларын мамлекеттик жөнгө салуунун киргизилген талаптарына баш ийбеген учурлар аныкталса, мыйзамсыз иш-аракеттерге баргандар Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылаары өзгөчө баса белгиленди.

УКМК азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жана зарыл болгон товарлардын баасынын жасалма кымбатташына жол бербөөгө багытталган тиешелүү иш-чараларды улантууда.

Мындан тышкары, УКМК эттин баасын аныктоо саясатына карата мыйзамга туура келбеген атайылап саботаж жасагандар кылмыш жообуна тартылаарын эскертет.