Жакынкы 5 жылда Кыргызстан азык-түлүк коопсуздугу системасына кирген 9 негизги азык-түлүк менен толугу менен өзүн камсыздай алат. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын академиги Жамин Акималиев радиого берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, бул маселеге чоң маани берилип, өлкөбүздө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча атайын программа азыркы бийлик учурунда кабыл алынып, бүгүн ишке ашууда.
Ошондой эле ал мындан бир аз мурда биз 9 продукциянын ичинен болгону 3 позицияны гана камсыздай алганыбызды эске салып, президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдын жайында агроөнөр жай комплексинин ишин жакшыртууга багытталган жарлыгын белгиледи. Жарлыкта майда товардык, натыйжасыз чарбаларды ири ишканаларга бириктирүү каралган.

"Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, ири ишканалар гана, жеке менчик болсo да, жетиштүү көлөмдө жана сапаттуу продукцияны камсыздап, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздай алат. Эгерде жакынкы 5 жылда бул максатка жетсек, анда социалдык туруктуулукка гана эмес, улуттук коопсуздукка да чоң кадам таштайбыз", – дейт Жамин Акималиев.
Академиктин айтымында, азык-түлүк коопсуздугу камсыздалмайынча, улуттук коопсуздук жана мамлекеттин толук суверендүүлүгү да мүмкүн эмес.
"Азык-түлүк коопсуздугу системасына айыл чарба продукциясынын 9 түрү кирет. Бул, биринчи кезекте - буудай. Нан - азык-түлүк коопсуздугунун символу. Экинчи – кант, үчүнчү – өсүмдүк майы, төртүнчү – жашылчалар, бешинчи – картошка, алтынчы – мөмө-жемиш өсүмдүктөрү, жетинчи – сүт, сегизинчи – эт жана тогузунчу – жумуртка. Көп жылдар бою биз жашылча, картошка жана сүт сыяктуу үч гана продукция менен камсыздап келдик. Садыр Жапаров 2021-жылдан бийликке келгенден кийин жылыштар байкала баштады.

Бул төрт жыл ичинде биз камсыздоо мүмкүн болгон эки продуктуну коштук. Азыр биз беш түрү боюнча азык-түлүк коопсуздугун толук камсыздап жатабыз. Негизи, азык-түлүк коопсуздугу деген – бул өлкө өз керектөөсүн 80-85%дан кем эмес деңгээлде камсыздаганда гана айтылат. Акыркы төрт жыл ичинде кант жана эт кошулду. Бул азыктардын мааниси зор, анткени аларсыз нормалдуу жашоо мүмкүн эмес.
Бирок, тилекке каршы, биз азырынча камсыздай албай жаткан төрт гана продукт калды. Алар – буудай (нан), өсүмдүк майы, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү жана жумуртка. Бул маселени чече алабызбы деген суроо туулат. Ооба, жакынкы беш жылда 2030-жылга чейин толук камсыз кылууга мүмкүнчүлүк бар. Бирок бул үчүн агроөнөр жай комплексинде конкреттүү кадамдар талап кылынат.
Буудай тууралуу айтсам, эгемендүүлүккө чейин Кыргызстан керектелүүчү 1 миллион тонна буудайдын ордуна 1,5 миллион тонна өндүрчү. Атүгүл Орто Азия республикаларын кошо нан менен камсыздачу. 2009-жылы эле 1 миллион 50 миң тонна буудай өндүрүлгөн. Бирок андан кийин таң калычтуу түрдө өкмөттүк деңгээлде буудайга каршы саясат жүргүзүлө баштады", – дейт Жамин Акималиев.

Анын айтымында, ошол кездеги бийликтин каталары Кыргызстандын Казакстандан дан ташып келүүгө өтүшүнө себеп болгон. Ал эми кыргыз буудайын сапатсыз деп эсептешкен. Бирок академик бул пикирге макул эмес.
"35-40 жыл мурун биз Чүй өрөөнүндө жана өзгөчө Ысык-Көлдө 32-33% клейковинасы бар буудай өстүрчүбүз. Бул эң жогорку сапат болуп эсептелет. Башкача айтканда, Кыргызстан өзүн жогорку сапаттагы наны менен камсыз кылууга толук мүмкүнчүлүгү бар", – дейт ал.
Анын айтымында, Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдары өсүмдүк майы менен толук камсыздалган. Бирок кийин бул өсүмдүктөргө көңүл бурулбай калгандыктан, керектөөнүн 80%ы чет өлкөдөн кымбат баада ташылып келүүдө.
"Бул өтө өкүнүчтүү. Бизде май өсүмдүктөрү боюнча илимий-изилдөө институттары тарабынан сунушталган сонун сорттор бар: күн карама, сафлор, соя, рапс, май зыгыры. Алар мурда дайыма себилчү. Азыр алардын эгүү аянтын 2-3 эсеге көбөйтүү зарыл. Ошондо гана биз сапаттуу жана арзан өсүмдүк майы менен өзүн-өзү камсыздай алабыз", – деп белгиледи академик.
Мөмө-жемиш өсүмдүктөрү боюнча республика өз керектөөсүн болгону 45-50% гана камсыздай алат. Бирок климаттык шарттар бул тармакты кеңейтүүгө толук мүмкүнчүлүк берет – мисалы, алма, алмурут, өрүк ж.б.

"Түшүмдүн 40 пайызга чейинки өлчөмү кайра иштетилбестен, ташылып кетип жатат. Буга себеп – кайра иштетүү, логистика жана экспорт инфраструктурасынын жоктугу. Баткен өрүгү сыяктуу баалуу продукциянын болгону 1% гана кайра иштетилет, калганы чийки бойдон Тажикстанга же Россияга кетет. Ал жакта үч эсе кымбат баада сатылат. Биз бул маселени тез арада чечишибиз керек – кайра иштетүүчү ишканаларды, логистикалык борборлорду, муздаткычтарды, башка инфратүзүмдөрдү курушубуз зарыл", – дейт Акималиев.
Канаттуулардын эти жана жумуртка дагы импорт көз каранды болгон товарлардын катарында. Бирок Кыргызстанда бул продукциялар менен өзүн камсыз кылууга жана экспортко чыгарууга шарттар жетиштүү.
"35 жыл мурда мен биринчи катчы болуп иштеген Сокулук районунда үч ири куш фабрикасы бар болчу. Алар борбор калааны жумуртка жана диеталык - тоок, өрдөктүн эти менен камсыздачу.
Азыр эмне болду? Бул фабрикалар менчиктештирилип, тармак жоголуп кетти. Азыркы ишканалар өлкөнү толук камсыз кылууга жетишсиз. Эгер өндүрүмдүүлүктү жогорулатсак, жакынкы бир нече жылда, 2030-жылга чейин бул тармакта да толук камсыздоо мүмкүн", – деп жыйынтыктады Жамин Акималиев.
Демек, ички рынокту сапаттуу жана жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыз кылуу – толук мүмкүн болгон милдет. Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров белгилегендей, Кыргызстанда жүрүп жаткан реформалардын темпи жана багыты үмүт жаратат жана өлкө туура жолдо экенин көрсөтүп турат.

"Бүгүнкү күндө мамлекет картошка, эт, сүт, жашылча жана кант боюнча өз муктаждыгын жабууда. Дан, мөмө-жемиш боюнча жарым-жартылай туруктуулук камсыздалды. Жумуртка жана өсүмдүк майы боюнча да жылыштар бар. Бул азыктар менен камсыздоо – экономикалык гана эмес, социалдык жактан да маанилүү.
Азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө менен биз агрардык сектордо жаңы жумуш орундарын түзөбүз, айыл аймактарыбыздын өнүгүшүнө өбөлгө түзөбүз. Калк үчүн бул – баалардын туруктуулугу жана сапаттуу азыктарга жеткиликтүүлүк. Мамлекет үчүн – бул глобалдык чакырыктарга туруктуулук: дүйнөлүк рыноктогу өзгөрүүлөр, климаттын өзгөрүшү же логистикалык үзгүлтүктөр.
Бул маселе жөнөкөй эмес. Ал 2030-жылга чейинки өнүгүү программасы сыяктуу улуттук стратегиялык документтерге да киргизилген. Калктын 60%ы айыл жеринде жашай турган болсо да, өзүбүздү азык-түлүк менен толук камсыз кыла албаганыбыз өкүнүчтүү. Бирок акыркы жылдардагы аракеттер туура багытта баратканыбызды далилдеп турат. Биз өзүбүздү камсыздап гана тим болбостон, экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүгүн да түзүшүбүз керек", – деп баса белгилейт Төлөнбек Абдыров.
Азыр өлкө экономикалык жактан өнүгүп жаткан учурда, азык-түлүк секторун да бекемдөө – эң маанилүү багыт. Бул биз үчүн инфляциядан, эл аралык соодадагы дүрбөлөңдөн жана туруксуздуктан коргогон иммунитет болот. Азык-түлүктү жана биринчи керектелүүчү товарларды өзүбүздө өндүрүү – зарыл муктаждык.