Азык-түлүк баалары: Кыргызстанда эт арзандап, картошка кымбаттады

Экономика 159 13 Август 2026 14:20
е.png
copyright icon WWW

Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстанда, Казакстанда жана Россияда негизги азык-түлүктөрдүн бааларына салыштырма мониторинг жүргүздү.

Мониторингге ылайык, Кыргызстанда картошканын баасы 2,7%, пастерленген сүт 0,8%, тоок жумурткасы 0,6%, бөлкө нан 0,3%га өскөн. Ошондой эле өсүмдүк майы менен кумшекердин баасы 0,1%дан жогорулаган.

Ошол эле учурда каймак май 1,9%, пияз 0,9%, уй эти 0,4% жана кой эти 0,1%га арзандаган.

Казакстанда пияз 3,1%га кымбаттаса, картошканын баасы 1,8%га төмөндөгөн. Россияда кумшекер 1,3%га кымбаттап, картошка 2,8%, сабиз 2,4%, пияз 1,1%га арзандаган.

Калган азык-түлүктөрдүн бааларында олуттуу өзгөрүү катталган эмес.