Азия оюндары: Айпери Медет кызы жана Малик Шаваев коло үчүн күрөшөт

Спорт 2 октябрь 2026 14:10
Азия оюндары: Айпери Медет кызы жана Малик Шаваев коло үчүн күрөшөт
copyright icon WWW

Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында күрөш боюнча мелдештер уланууда.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча 76 кг чейинки салмак категориясында күч сынашууда.

Ал алгачкы беттешинде Индиянын өкүлү Прияны 6:1 эсебинде жеңген.

Кийинки баскычта индонезиялык Варедиса Септи Путри Хидаятты 10:0 эсебинде утуп,жарым финалда япониялык Кагамиге жеңилип калды.

Эми Айпери Медет кызы коло медаль үчүн Өзбекстандын өкүлү Севинчой Полвонова менен күч сынашат.

Эркектер арасында 86 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып жаткан Малик Шаваев алгачкы беттеште Бахрейндин өкүлү Хидир Сайпудиновду 9:5 эсебинде жеңди.

Чейрек финалда өзбекстандык Бобур Исломовду 10:2 эсебинде утуп, жарым финалда Ирандык Мохаммад Ноходиларимиге 0:3 эсебинде жеңилип калды.

Малик Шаваев коло медаль үчүн Түштүк Кореянын өкүлү Ли Гёнён менен беттешет.