Дүйнө чемпионаты: Айпери Медет кызынын атаандашы белгилүү болду

Спорт
Дүйнө чемпионаты: Айпери Медет кызынын атаандашы белгилүү болду
copyright icon WWW

Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Кыргызстандын балбан кызы Айпери Медет кызы Астанада өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль үчүн күч сынашат.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 76 кг чейинки салмак категориясындагы балбан бүгүн монголиялык Даваанасан Энх-Амар менен беттешет. Коло медаль үчүн таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 19:30да башталат.

Айпери 1/8 финалда египеттик Самар Хамзаны таза жеңиш менен утуп, чейрек финалда австриялык Мартина Кюнцти 3:3 эсебинде акыркы упайдын артыкчылыгы менен жеңген. Ал эми жарым финалда индиялык Кажал Кажалга 7:10 эсебинде утулуп калган.