Азия өнүктүрүү банкы БА өлкөлөрүнө $10 млрд инвестиция салууну көздөөдө

Экономика Загрузка... 20 Ноябрь 2025 17:30
DSC_6905 1.jpg
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 20.11.25. /Кабар/. Азия өнүктүрүү банкы Борбор Азиянын регионалдык экономикалык кызматташтык (БАРЭК) программасынын алкагындагы долбоорлорду жана демилгелерди колдоо үчүн 2030-жылга чейин 10 млрд доллардан ашык инвестиция салат. Бул тууралуу банктын президенти Масато Канда бүгүн БАРЭКтин конференциясында айтканын Экономика жана коммерция министрлиги маалымдады.

Анын айтымында, бул санарип түрдө туташкан жана туруктуу аймакты курууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

"БАРЭК боюнча биздин көз карашыбыз так. Бул экономикалык жана экологиялык жактан туруктуу, социалдык инклюзивдүү жана санариптик жактан туташкан аймак. Биз аталган программага колдоону күчөтүп, 2030-жылга чейин долбоорлор жана программалар үчүн 10 млрд доллардан ашык каржылоону багыттайбыз. Бул долбоорлор интеграцияны, туруктуулукту жана жалпы өсүштү күчөтөт", - деди Масато Канда.