Азия кубогу: Кыргызстандык триатлончулар коло медаль багындырды

Спорт 15 Июнь 2026 16:30
6.jpg
720988618_18413041843196946_7121641576357088529_n.jpg
723988192_18413041852196946_158363221426087073_n.jpg
Алдыга
Артка
6.jpg
720988618_18413041843196946_7121641576357088529_n.jpg
723988192_18413041852196946_158363221426087073_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Кыргызстандын триатлон боюнча улуттук курама командасы Малайзияда өткөн Азия кубогунан байгелүү кайтты.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдештин аралаш эстафетасында (Mixed Relay) Кыргызстандын курама командасы мыкты көрсөткүч көрсөтүп, коло медалга ээ болду.

Ал эми Development Cup Kampar турниринде кыргызстандык спортчу Темирлан Абдрахимов 1 саат 03 мүнөт 55 секунд көрсөткүчү менен 9-орунду ээледи.

Ошондой эле Asia Triathlon Junior Cup Kampar мелдешинде Татьяна Кокина 8-орунду (1:14:14), Ангелина Блиндул 10-орунду (1:15:03) камсыз кылышты.