Бишкек, 10.07.25. /Кабар/. 9-июлда Бишкек шаарында грек-рим күрөшү боюнча 20 жашка чейинки балбандар арасында Азия чемпионатынын (U-20) биринчи күнү жыйынтыкталды.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, Кыргызстандын жаш балбандары мыкты жыйынтык көрсөтүп, 1 алтын, 1 күмүш жана 1 коло медалга ээ болду.
63 кг салмак категориясында күч сынашкан Эмирлан Дүйшөналиев Азия чемпиону аталып, алтын медаль утуп алды. Финалдык таймашта ал индиялык Варунду 8:0 эсебинде жеңип, өлкөгө жеңиш тартуулады. Бул жеңиш 2017-жылдан бери кыргызстандык балбандар арасында Азия чемпионатындагы алгачкы алтын медаль болуп эсептелет. Ошол учурда Акжол Махмудов чемпион болгон.
55 кг салмак категориясында күч сынашкан Кутман Калбаев күмүш медалга ээ болду. Финалда ал кадеттер арасында дүйнө чемпиону болгон ирандык Паям Ахмади Балутакиге утулуп калды.
77 кг салмакта күч сынашкан Адилет Абыкеев коло медаль утуп алды. Ал үчүнчү орун үчүн болгон таймашта өзбекстандык Бекмурод Рустамовду 1:1 эсебинде, акыркы активдүү аракетинин негизинде жеңди.
Таймаштар уланууда. Бүгүн, 10-июлда грек-рим күрөшүнүн төмөнкү салмак категорияларындагы балбандар таймашка чыгат:
60 кг – Эрбол Өзгөнов;
67 кг – Жанторо Мирзалиев;
72 кг – Илгис Каныбеков;
82 кг – Мирсаид Юнусов;
97 кг – Рустам Садыков.
Кыргызстандын жаштар курама командасынын башкы машыктыруучусу – Рыскулбек Эгеев.