Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. Ажылыкка зыяратчыларды каттоо эми онлайн жүргүзүлөт. Ага ылайык, "Ажылык" мамлекеттик санариптик мобилдик тиркеме иштелип чыкты.
Бирдиктүү санарип система аркылуу жарандар үйдөн чыкпай эле өз алдынча кезекке тура алышат, квоталардын бөлүнүшүн көрүп, электрондук кезекти көзөмөлдөй алышат.
Ажылыкка байланыштуу бардык каржылык төлөмдөр жана арыздарды кароо да ушул тиркеме аркылуу автоматтык түрдө аткарылат.
Бул тиркеме аркылуу төмөнкүлөрдү аткарууга болот:
- ажылыкка кезекке туруу;
- квоталарды бөлүштүрүү;
- төлөмдөрдү жүргүзүү;
- жарандардын кайрылууларын кабыл алуу жана кароо;
- ошондой эле башка кызматтарды алуу.