Ажылык сапарында Өзбекстандын сегиз жараны каза болду

Борбор Азия Загрузка... 02 Июль 2025 09:10
WhatsApp Image 2025-07-01 at 14.22.22.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 02.07.2025. /Кабар/. Быйылкы ажылык сапары учурунда Сауд Аравиясында Өзбекстандын сегиз жараны каза болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине караштуу «Дунё» агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, каза болгондордун төртөө мурдатан бери өнөкөт оорулар менен жабыркап келишкен. Бул жылы ажылык ысык мезгилге туура келип, бардык алдын алуу чараларына карабастан, алардын саламаттыгына терс таасир эткен.

Ал эми калган төрт жаран Сауд Аравиясына мыйзамсыз жол менен киргендиктен, расмий медициналык жардам ала албай, биринчи жардам да көрсөтүлгөн эмес.

Белгилей кетсек, 2025-жылдагы ажылык мезгилинде 15 миңден ашуун өзбекстандык ажылык амалдарын аткарып кайтышты. Зыяратчылардын Сауд Аравияга барышы 13-30-май аралыгында жүргүзүлүп, алардын мекенине кайтуусу 12-29-июнь күндөрү Джидда шаарынан уюштурулган күнүмдүк каттамдар менен ишке ашырылды.

Ажылык сапарда 40тан ашык жаран документтерин жоготуп, дипломатиялык өкүлчүлүктөргө кайрылган. Аларга Өзбекстанга кайтып келүүгө убактылуу күбөлүктөр берилүүдө.

«Өзбекстандын Джидда шаарындагы Башкы консулдугу ажылык сапарда оор абалга туш болгон жарандарга консулдук жана укуктук жардам көрсөтүүнү улантууда», – деп айтылат расмий билдирүүдө.