Ажылык сапар: Сауд Аравия экологиялык чараларды күчөтүүдө

Дүйнө Загрузка... 25 Май 2026 09:15
ажылык-сапар.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. Сауд Аравия ажылык учурунда экологияга тийгизген таасирлерди азайтуу чараларын күчөтүүдө, деп Agenzia Nova агенттиги билдиргенин Казинформ жазды.

Маалыматка ылайык, быйыл Меккеге дүйнө жүзүнөн 1,6 миллиондон ашык мусулмандын келиши күтүлүүдө. Ушуга байланыштуу өлкө бийлиги таштандыларды кайра иштетүүгө, катуу ысыктын кесепеттерин азайтууга, электр транспортун өнүктүрүүгө жана санариптик чечимдерди киргизүүгө өзгөчө көңүл бурууда.

Өлкөнүн Таштандыларды башкаруу боюнча улуттук борборунун маалыматы боюнча, өткөн жылдагы ажылык учурунда 348 миң тоннадан ашык таштанды чогулган. Учурда таштандыларды чогултуу жана кайра иштетүү көлөмүн арттыруу максатында мамлекеттик кызматтарга коммерциялык эмес уюмдар жана ыктыярчылар көмөктөшүүдө.

Мындан сырткары, Улуттук метеорологиялык борбор ажылык мезгилинде Меккеде жана ыйык жерлерде абанын температурасы 47 градуска чейин жетиши мүмкүн экенин божомолдоодо. Саламаттык сактоо министрлиги зыяратчыларды кол чатыр колдонууга чакырды. Бийлик өкүлдөрүнүн билдиришинче, көлөкөдө болуу температуранын таасирин 10 градуска чейин төмөндөтөт. Ажыларды аптаптан коргоо үчүн акыркы жылдары ыйык жайларга 6000ден ашык суу чачыраткыч орнотулуп, асфальттын ысып кетүүсүн азайтуучу атайын катмар төшөлгөн.

Саламаттык сактоо тармагында да өзгөчө кырдаалдарга ыкчам жооп кайтаруу системасы күчөтүлдү. Ажылык учурунда 3000ден ашык тез жардам унаасы, анын ичинде медициналык мотоциклдер, электр арабалары жана 11 тик учак кызмат көрсөтөт. Ошондой эле дары-дармектерди жеткирүүчү дрондор сыноодон өтүп жатат.

Транспорттук стратегиянын алкагында Мина, Муздалифа жана Арафат өрөөндөрүн байланыштырган "Аль-Машаир" электр поезди ишке киргизилген. Узундугу 18 чакырымды түзгөн 9 станциялуу бул темир жол линиясы саатына 72 миң, ал эми жалпы ажылык мезгилинде 2 миллиондон ашык жүргүнчүнү ташуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул тутум ыйык жерлердеги автобус каттамдарынын санын жылына 50 миңге кыскартып, жол тыгындарын жана зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайткан.

Ошол эле учурда, зыяратчыларды Мекке жана Медина шаарларынын ортосунда ташуу үчүн дагы 8 миңден ашык автобус тартылары кабарланды.