Азербайжандык журналисттер "Кабар" агенттигинин иши менен таанышты

Коом Загрузка... 22 Июль 2026 17:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. Азербайжандын алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Кыргызстанга болгон таанышуу сапарынын алкагында Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигине келип, агенттиктин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Конокторго "Кабардын" түзүлүү жана өнүгүү тарыхы, ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, маалыматтарды сунуштоонун заманбап форматтары жана редакциялык ишти уюштуруу тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле редакциянын иши, агенттиктин техникалык мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлүп, жаңылык материалдарын даярдоо процесси жана журналисттердин чет өлкөлүк маалымат агенттиктери менен кызматташуусу тууралуу маалымат берилди.

"АЗЕРТАЖ" агенттигинин журналисти Лейла Мурадзаденин айтымында, Кыргызстанга келгенден кийин алар алгач "Ала-Арча" жаратылыш паркына барып, өлкөнүн кооз жаратылышына суктанууга жетишкен.

"Кыргызстандын жаратылышы абдан кооз экен, Азербайжанды элестетет. Алдыда бизди Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлгө сапар күтүп турат. Мындай жолугушуулар эки өлкөнүн журналисттеринин ортосундагы байланышты чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана Кыргызстан менен Азербайжандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматташтыгын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деп ойлойм", – деди ал.

Журналист белгилегендей, "Кабар" агенттигинде алар үчүн имарат боюнча экскурсия уюштурулуп, мекеменин ички иш процесстери көрсөтүлдү жана агенттиктин тарыхы тааныштырылды. Экскурсиянын соңунда коноктор үчүн фуршет уюштурулду.

Эске салсак, бүгүн Азербайжандын алдыңкы ЖМК өкүлдөрүнөн турган делегация таанышуу сапары менен Кыргызстанга келди.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов тарабынан уюштурулган бул сапар маалыматтык жана гуманитардык тармактардагы кыргыз-азербайжан кызматташтыгын тереңдетүүгө багытталган.

Пресс-турдун программасы эки өлкөнүн медиа коомчулук өкүлдөрүнүн ортосундагы кесиптик өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө, өз ара ишенимди бекемдөөгө жана Кыргызстан менен Азербайжандын боордош элдерин мындан ары жакындатууда маанилүү роль ойногон коомдук дипломатияны өнүктүрүүгө багытталган.

Кыргызстанда жүргөн мезгилде азербайжандык журналисттер өлкөнүн алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгү, мамлекеттик маалыматтык саясатты жүргүзүүдөгү заманбап ыкмалар менен таанышат. Ошондой эле өлкөнүн жаратылышы кооз жана туристтик жайларын камтыган маданий-таанышуу программасына катышат.

Мындай демилгелерди ишке ашыруу журналисттердин ортосунда узак мөөнөттүү кесиптик байланыштарды түзүүгө, объективдүү маалыматтык мейкиндикти калыптандырууга, гуманитардык алакаларды чыңдоого жана эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Буга чейин ушундай эле таанышуу сапарлары Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн ийгиликтүү уюштурулган.

Мындай долбоорлорду ырааттуу ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын аймактагы өлкөлөр жана достук мамиледеги мамлекеттер менен ынак коңшулук мамилелерди, өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимдүү диалогду чыңдоого болгон умтулуусун айгинелейт.