Бишкек, 23.04.25. /Кабар/. Азербайжанда III КМШ оюндарынын тумары тандалды. Бул тууралуу Report маалымат агенттиги кабарлады.
Маалыматта белгиленгендей, мелдештин уюштуруу комитети Азербайжанда өтө турган турнирдин тумары деп Бабир менен Лейланы тандады.
III КМШ оюндары Азербайжандын жети шаарында - Гянжа, Евлах, Мингячевир, Габала, Шеки, Гёйгёл жана Ханкендиде 28-сентябрдан 8-октябрга чейин өтөт.
Турнирде КМШ өлкөлөрүнүн жана башка мамлекеттердин спортчулары спорттун 23 түрү боюнча мелдешмекчи.