Азербайжан Кыргызстанга мунай продукциясын сатууга макулдук берди

Экономика Жүктөлүүдө... 31 Июль 2026 12:00
1607-2664-1200x675.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 31.07.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Азербайжан мунай продукциясы жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча иш алып барууда. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рыспеков билдирди.

Анын айтымында, эки өлкөнүн тиешелүү министрликтери ортосунда кол коюлган меморандум дүйнөлүк мунай рыногундагы өзгөрүүлөргө байланыштуу маселелерди чечүүгө өбөлгө түзөт.

"Азербайжан Кыргызстанга мунай жеткирүүгө даярбы?" деген суроого министр тараптар бул багытта макулдашууга жетишкенин жана учурда жеткирүүнүн конкреттүү механизмдери иштелип жатканын белгиледи.

Ошондой эле министр Кыргызстан менен Азербайжан энергетика тармагында "Жол картасын" даярдап, чакан гидроэлектр станцияларын куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтты. Жакынкы убакта бул багытта конкреттүү макулдашууларга өтүү пландалууда.