Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду "Кулун" кичи ГЭСин каржылоону пландоодо — Кабар

Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду "Кулун" кичи ГЭСин каржылоону пландоодо

Экономика 25 ноябрь 2025 14:14
588506789_122192582972368081_8551663600647615146_n.jpg
588512410_122192582930368081_6121440789165499949_n.jpg
589464216_122192582882368081_7072318801728381837_n.jpg
588678032_122192582960368081_2782380131462408433_n.jpg
Алдыга
Артка
588506789_122192582972368081_8551663600647615146_n.jpg
588512410_122192582930368081_6121440789165499949_n.jpg
589464216_122192582882368081_7072318801728381837_n.jpg
588678032_122192582960368081_2782380131462408433_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 25.11.25. /Кабар/. Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду "Кулун" кичи ГЭСин каржылоону пландоодо. Бул тууралуу бүгүн фонддун өкүлдөрү Игбал Бабаев жана Замирбек Осмоновдун президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда тараптар фонд түзүлгөндөн берки кызматташтыкты жана социалдык, инфраструктуралык долбоорлордун жүрүшүн талкуулашты.

Ошондой эле Ошто кардио борборун куруу боюнча долбоорго кол коюлганы белгиленип, бул демилге аймактын саламаттыкты сактоо кызматын жакшыртууда маанилүү кадам экени айтылды. Мындан тышкары, фонд Кара-Кулжа районунда 6 МВтка чейинки "Кулун" кичи ГЭСин каржылоону пландап жатканы маалымдалды.

Элчибек Жантаев жаңы долбоорлорду илгерилетүүдө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Тараптар кызматташууну мындан ары кеңейтүү жана биргелешкен аракеттер түштүк аймактардын өнүгүүсүнө олуттуу салым кошоруна басым жасашты.