Ташкент, 16.11.25. /Кабар/. Азербайжан Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуулар форматына толук кандуу мүчө болду. Бул тууралуу Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев «Борбор Азия + Азербайжан» форматындагы VII Консультациялык жолугушуунун ачылышында билдиргенин жеринен кабарчыбыз маалымдайт.
Президент Мирзиёевдин айтымында, жаңы формат аймактар аралык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарат.
“Борбор Азия + Азербайжан” форматы Борбор Азия менен Түштүк Кавказды бекем байланыштырган көпүрө болуп, бирдиктүү кызматташтык мейкиндигин түзүүгө өбөлгө болот", – деди ал.
Мамлекет башчысы бул чечим соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык багыттардагы өз ара кызматташтыкты кеңейтип, туруктуу өнүгүү маселелери боюнча бирдиктүү позицияларды иштеп чыгууга шарт түзөрүн белгиледи.
"Бул сөзсүз түрдө эки региондун стратегиялык өз ара байланышын жана туруктуулугун чыңдайт. Урматтуу кесиптештериме ыраазычылык билдирем жана Илхам Алиевди толук кандуу мүчө катары кошулгандыгы менен куттуктайм", – деди Өзбекстандын лидери.
Жолугушууга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да катышууда.