Азамат Жамангулов: G-Cloud – бул маморгандардын ортосунда маалымат алмашуунун жаңы деңгээлине өтүү

Коом Загрузка... 20 Июнь 2025 12:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 20.06.25./Кабар/. G-Cloud мамлекеттик булут платформасы бул жөнөкөй сервердик жабдуу эмес, мамлекеттик органдардын ортосунда маалымат алмашуунун жаңы деңгээлине өтүү. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов билдирди.

Анын айтымында, 5ке жакын маалыматтык системалар, ошондой эле критикалык системалар буга чейин мамлекеттик булут платформасына өткөн.

"Миграция ийгиликтүү өттү. Биз жылдын аягына чейин бардык иштерди аягына чыгарабыз. Бүгүнкү күндө бул абдан маанилүү окуя. Бүгүн биз мамлекеттик булут платформасын ишке киргизип жатабыз. Ал мамлекеттик органдардын деңгээлинде бардык маалыматтар жана өз ара аракеттенүү тез, ишенимдүү жана эң негизгиси коопсуз болушу үчүн жалпысынан мамлекеттик органдардын эң маанилүү системаларын камтууга мүмкүндүк берет. Бул жөнөкөй эле сервердик жабдуулар эмес, тескерисинче, мамлекеттик органдардын ортосунда маалымат алмашуунун жаңы деңгээлине өтүү", - деди министр.

Эскерте кетсек, бүгүн алгачкы G-Cloud мамлекеттик булут платформасы ишке кирди.