Бишкек, 13.08.25. /Кабар/. Президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары – президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын башчысы Азамат Кадыралиев "Элдик Банк" ААКтын Beeline Кыргызстан бренди менен иштеген "Скай Мобайл" компаниясынын 100 пайыз акциясын сатып алуусун тарыхый кадам деп баалады.
"Бүгүн өлкөнүн санариптик трансформациясында тарыхый кадам болду, мамлекеттик банк эл аралык процедураларды сактоо менен Beeline компаниясын сатып алды.
Мурунку бийликтердин тушунда стратегиялык телеком-активдер үй-бүлөлүк кызыкчылыктарга кызмат кылса, эми мамлекеттин колунда, элдин кызыкчылыгына иштейт.
Президент Садыр Жапаров санариптешүү менен модернизацияны куру ураан эмес, Кыргызстан келечеги үчүн аткарылган иш экенин далилдеп жатат", - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.