Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Жарандардын кайрылуулары мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө каралып, маселени чечүүгө мүмкүнчүлүк болсо, жоопту акыркы күнгө чейин создуктурбоо керек. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Элчибек Жантаев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында билдирди.
Анын айтымында, кайрылуулардын мүнөзү ар башка болгондуктан, аларды кароодо ар бир маселеге өзүнчө мамиле кылуу зарыл. Айрым маселелерди эки сааттын ичинде эле чечүүгө мүмкүн болсо, башкаларын кароо үчүн 14 күн талап кылынышы мүмкүн.
"Айрым жергиликтүү бийлик органдары жоопту белгиленген мөөнөттүн акыркы күнүндө гана берет, маселени тез чечүүгө мүмкүнчүлүк болгондо жаранга ыкчам жооп берүү зарыл", — деди ал.
Ошондой эле ал айыл өкмөтүнүн башчысы жарандардын кайрылууларын кароо үчүн жеке жоопкерчилик тартарын эске салды.