Айыл чарбасындагы "жашыл" энергетиканын келечеги талкууланды

Коом Жүктөлүүдө... 14 Июль 2026 15:10
photo_5379941589515444146_y.jpg
photo_5379941589515444126_y.jpg
photo_5379941589515444128_y.jpg
photo_5379941589515444138_y.jpg
Алдыга
Артка
photo_5379941589515444146_y.jpg
photo_5379941589515444126_y.jpg
photo_5379941589515444128_y.jpg
photo_5379941589515444138_y.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чакан кубаттуулуктагы кайра жаралуучу энергия булактары боюнча комитеттин төрагасы Азамат Осмонбаев менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө агроөнөр жай комплексине заманбап жана инновациялык технологияларды киргизүү, тармактын натыйжалуулугун жогорулатуу жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Ошондой эле айыл чарбасында кайра жаралуучу энергия булактарын колдонуу мүмкүнчүлүктөрү, пилоттук демилгелерди жүзөгө ашыруу жана тармактын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүчү кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болду.