Бишкек, 28.07.25. /Кабар/. Айыл чарба тармагына заманбап, суу үнөмдөөчү технологияларды киргизүү – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.
Ведомстводон белгилешкендей, айрыкча тамчылатып жана жамгырлатып суугаруу системаларын өнүктүрүү максатында акыркы жылдары фермерлерди мамлекеттик колдоо чаралары күчөтүлүп келет.
2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси жана министрлер кабинетинин колдоосу менен "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" ачык акционердик коомдору аркылуу 7 ири лизингдик долбоор ишке ашырылып, дыйкандарга айыл чарба техникалары жана сугат жабдуулары, анын ичинде тамчылатып жана жаадырып сугаруу системалары да жеткиликтүү шарттарда лизинг аркылуу сунушталууда.
Бул программалар жыл сайын "Айыл чарбасын каржылоо" жана "Агроөнөр жай комплексин каржылоо" долбоорлорунун алкагында жеңилдетилген шарттарда ишке ашырылат. Мамлекеттик чечимдерге ылайык, дыйкандар тамчылатып жана жаадырып сугаруу жабдууларын 7 жылга чейин, жылдык 6 пайыз чен менен лизингге алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Бул механизм суу ресурстарын үнөмдүү пайдаланууга, кайрак жерлерди өздөштүрүүгө, түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана жалпы айыл чарба тармагын экологиялык, туруктуу жана кирешелүү нукка бурууга өбөлгө түзөт.