Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.
Ведомстводон маалымдашкандай, "Кыргызстанда түшүмдү жыйноодон кийинки башкаруу системасын түзүүнү колдоо аркылуу айыл чарба продукциясынын кошулган нарк чынжырын бекемдөө" долбоорунун аткаруучулары дагы катышты.
Анда аталган долбоорду ишке ашыруунун учурдагы жүрүшү, жетишилген жыйынтыктар, учурда жаралып жаткан маселелер жана мүмкүн болуучу тобокелдиктер, ошондой эле аларды өз убагында чечүү жолдору талкууланды.
"Долбоордун өкүлдөрү долбоорду ишке ашыруунун кийинки этаптары боюнча презентация жасап, алдыдагы иш-чаралардын планы, негизги багыттары жана күтүлүп жаткан жыйынтыктар тууралуу маалымат беришти", - деп айтылат маалыматта.
Жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары да улантууга даяр экендигин ырастап, Кыргызстанда түшүмдү жыйноодон кийинки башкаруу системасын өнүктүрүү жана айыл чарба продукциясынын кошулган нарк чынжырын бекемдөө боюнча биргелешкен ишти улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.