Айыл чарба министрлиги: Дан эгиндерин жыйноого 1618 комбайн тартылды

Коом Загрузка... 04 Август 2025 15:35
4937d31d3d1868c5776b277d5ad0bd3a.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 04.08.25. /Кабар/. Быйыл республика боюнча дан эгиндерин жыйноо иштерине 1935 комбайндын ичинен 1618и тартылды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жалпы даярдык 84 пайызды түзөт. Өнөктүк дээрлик бардык аймактарда жүрүп жатат.

Ысык-Көл, Нарын, Баткен жана Чүй облустарында комбайндарга болгон муктаждый жогору болгондуктан министрлик комбайндарды аймактарга бирдей бөлүштүрдү.

Учурда Чүй облусуна Ысык-Көл жана Нарындан 100гө жакын комбайн тартылып, өнөктүк аяктоо баскычында турат.

Өлкөнүн түштүк аймагында 400дөн ашык комбайн иштеп жатат, алардын 100гө жакыны тоо этегиндеги дыйканчылык зоналарында тартылган. Жалпысынан бир комбайнга 260,1 гектар жумуш туура келүүдө.