Айлык, ипотека жана соцпакет: Мугалимдердин жетишсиздиги кантип чечилет?

Маек Загрузка... 27 Март 2026 17:37
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Кыргызстанда дагы деле мугалимдердин жетишсиздиги байкалууда. Бул ирет "Кабар" агенттигине агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова мектептерди жаңы мугалимдер менен толуктоо боюнча кандай иштер жасалып жатканы тууралуу айтып берди.

WhatsApp Image 2026-03-27 at 16.03.01 (1).jpeg

Надира Жусупбекованын айтымында, өлкө боюнча мектептерде эмгектенип жаткан мугалимдерди шыктандырууга жана жаңы педагогдорду тартуу боюнча бир катар программа жана механизмдер киргизилген.

Биринчиси — дуалдык билим берүү. Мында болочок мугалимдер жогорку окуу жайда окуп жатып эле, мектепте да иштей алышат.

WhatsApp Image 2026-03-27 at 16.02.51 (1).jpeg

Экинчиден, "Заманбап мугалим" программасы боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул программа аркылуу башка багытта иштеп жаткан, бирок жогорку билимдүү, педагогикалык билими бар болуп, убагында мектепте көпкө иштебей калган кадрлар алынууда.

"Биз аларды окутуп, үйрөтүп, коштоп, мектепте иштөөгө тартып жатабыз", — деди Жусупбекова.

Ал эми үчүнчүдөн, Агартуу министрлиги мугалимдерди даярдоо боюнча сунуштарды киргизди. Анда кайсы сабактар боюнча мугалимдер керектиги так көрсөтүлдү.

Ошондой эле Надира Жусупбекованын пикиринде, Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан мугалимдерге батирлер берилип жатышы мугалимдерди шыктандырууда.

WhatsApp Image 2026-03-27 at 16.03.01.jpeg

Мындан тышкары, агартуу министринин орун басары президенттин демилгеси менен мугалимдердин айлыгын жогорулатуусу да чоң шыктандыруу механизми болуп саналышы керектигин белгиледи.

"Биз ошол эле маалда жергиликтүү бийликтерге да кайрылып жатабыз. Мугалимдерге жакшы социалдык пакеттерди кылып, жардам берүүнү айтуудабыз. Бул да болсо, мугалимдердин мектепте ийгиликтүү иштеп, кармалып туруусуна жана жаштардын педагогикалык окуу жайда билим алууга баруусуна түрткү болот", — деп айтты ал.