Айгүл Жапарованын атынан "Алтын балалыкта" эс алып жаткандарга белектер берилди

Коом Жүктөлүүдө... 13 Июль 2026 12:40
745686411_954950574226113_8192246013793601566_n.jpg
745962912_954950507559453_8773180313575700106_n.jpg
747807823_954950504226120_2065399435080635767_n.jpg
Алдыга
Артка
745686411_954950574226113_8192246013793601566_n.jpg
745962912_954950507559453_8773180313575700106_n.jpg
747807823_954950504226120_2065399435080635767_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Айгүл Жапарованын социалдык тармактагы баракчасынан

Бишкеке, 13.07.26. /Кабар/. Ысык-Көлдөгү "Алтын балалык" балдардын ден соолукту чыңдоо комплексинде эс алып жаткан балдарга биринчи айым Айгүл Жапарованын атынан белектер тапшырылды. Бул тууралуу Жапарованын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Бул кайрымдуулук акциясы Айгүл Жапарованын демилгеси менен салттуу түрдө жыл сайын өткөрүлүп келет. Анын башкы максаты – өлкөнүн келечеги болгон жаш муунга өзгөчө көңүл буруп, аларга камкордук көрсөтүү жана жайкы эс алуу учурунда майрамдык маанай тартуулоо болуп саналат.

"Үстүбүздөгү жылы "Алтын балалык" балдардын ден соолукту чыңдоо комплексинде өлкөнүн бардык аймактарынан келген 8 миңге жакын бала эс алат", - деп айтылат маалыматта.

Уюштуруучулар билдиргендей, борбордо балдардын толук кандуу эс алуусу, ден соолугун чыңдоосу жана жайкы убактысын кызыктуу өткөрүүсү үчүн бардык зарыл болгон заманбап шарттар түзүлгөн.