Айдоочу ооруканада. "Манас" аэропортунун жолунда кырсык катталды

Кырсык Загрузка... 13 Февраль 2026 16:25
Снимок экрана 2026-02-13 163430.png
copyright icon WWW

Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Бүгүн болжол менен саат 11:19да Бишкектеги "Манас" аэропортунун унаа жолунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1994-жылы туулган М.Э. аттуу айдоочу Hyundai үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып, рулга ээ боло албай даракты сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу ар кандай жаракат алып, тез жардам унаасы менен аймактык ооруканага жеткирилди. Унаанда башка жүргүнчүлөр болгон эмес.

Жол кырсыгы каттоого алынып, бардык зарыл экспертизалар дайындалды. Унаа айып короосуна токтотулду.