Айбек Жунушалиев Жер-Ынтымагы конушунун тургундары менен жолугушту

Коом 19 июнь 2025 18:55
1750331104.jpeg
1750331109.jpeg
1750331118.jpeg
1750331124.jpeg
1750331135.jpeg
1750331140.jpeg
1750331145.jpeg
1750331150.jpeg
1750331163.jpeg
1750331169.jpeg
1750331174.jpeg
1750331178.jpeg
1750331192.jpeg
1750331200.jpeg
1750331207.jpeg
1750331232.jpeg
Алдыга
Артка
1750331104.jpeg
1750331109.jpeg
1750331118.jpeg
1750331124.jpeg
1750331135.jpeg
1750331140.jpeg
1750331145.jpeg
1750331150.jpeg
1750331163.jpeg
1750331169.jpeg
1750331174.jpeg
1750331178.jpeg
1750331192.jpeg
1750331200.jpeg
1750331207.jpeg
1750331232.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 19.06.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Жер-Ынтымагы конушунун тургундары менен жер мунапысы маселеси боюнча жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө калаа башчысы турак жайларды сатууга жана багытын өзгөртүүгө карата кепилдик милдеттенмелерин жана айрым чектөөлөрдү эске алуу менен санитардык зонада жайгашкан жер тилкелерин мыйзамдаштыруу маселесин кароону тапшырды.

Бишкек шаарынын мэриясынын 2000-жылдын 18-сентябрындагы №637 токтомуна ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө 69 га сугат айыл чарба жерлери жана аймагы 20 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилген.

Берилген учурда жогоруда аталган аймак өздөштүрүлбөй калган.

2013-жылдын жай айынын башынан бери сөз болуп жаткан аймакта өз алдынча турак жайлар курула баштаган.

Бүгүнкү күндө Жер-Ынтамагы айыл аймагында 1165 жер тилкеси бар.

Жер мунапысынын объектилерине жеке менчик укуктарын бекитип берүү жөнүндө маалыматтар:

- 996 арыз түшкөн;

- 890 токтом чыгарылган;

- 2021-жылдын 1-декабрынан кийин 30 объект курулган;

- 6 турак эмес жай;

- 4 объект магистралдык суу түтүкчөсүндө жайгашкан.