Бишкек, 25.07.26 /Кабар/. Юстиция министри Аяз Баетов фейсбуктагы жеке баракчасына жер тилкелерин 49 жылга ижарага берүү тартиби, миграция маселеси жана Кытайдан алынган тышкы карыз боюнча билдирүү жазды.
Министрдин айтымында, жерди 49 жылга ижарага берүү боюнча мыйзам 1992-жылданбери колдонулуп келет. Бирок ушул жылдар аралыгында айрым жарандар жана чет өлкөлүк ижарачылар жерди узак мөөнөткө алып, эч кандай курулуш же инвестиция салбастан кармап турган учурлар кездешкен.
Ушуга байланыштуу президент тарабынан жер берүү тартибин кайра карап чыгуу тапшырмасы берилген.
Сунушталган өзгөртүүгө ылайык, жер алгач 10 жылдык мөөнөткө ижарага берилет. Эгер инвестор келишимдеги милдеттенмелерин аткарып, инвестиция салса, мөөнөт 25 жылга чейин узартылат. Ал эми келишимде көрсөтүлгөн инвестиция толугу менен ишке ашырылгандан кийин гана 49 жылга чейин узартуу мүмкүнчүлүгү каралат.
Мындан ары жаңы жерлер мамлекеттин кызыкчылыгын эске алган ушул шарттардын негизинде гана берилет.
Ошондой эле миграция маселесине токтолгон министр Чек ара кызматынын маалыматына таянып, Кыргызстанга кирип-чыккан чет өлкөлүк жарандардын саны боюнча кытай жарандары биринчи эмес бешинчи орунда экенин билдирди.
Кытай жарандары негизинен виза менен келип, мөөнөтү аяктагандан кийин өлкөдөн чыгып кетишет жана бул процесс мамлекеттик көзөмөлдө жүргүзүлөт. Ал ошондой эле алар көбүнчө ири долбоорлорду ишке ашыруу, завод-фабрикаларды куруу үчүн эмгек ишмердүүлүгүнө келишсе, турист катары келгендердин саны салыштырмалуу аз экенин белгиледи.
Тышкы карыз тууралуу маалымат берип жатып, министр Кытайдан Алмазбек Атамбаевдин президенттик мезгилинде жалпы 1 миллиард 796 миллион 853 миң 530 АКШ доллары өлчөмүндө насыя алынганын билдирди. Ал эми 2020-жылдан бери Кыргызстан Кытайдан бир да доллар жаңы карыз алган эмес. Тескерисинче, ушул убакыт аралыгында 419 миллион 840 миң 537 доллар төлөнүп, учурдагы карыздын көлөмү 1 миллиард 377 миллион 12 миң 993 долларды түзөт.
Министр бул карыз белгиленген графикке ылайык өз убагында төлөнүп жатканын кошумчалады.