"Аяр" реабилитациялык борборунда балдар үчүн майрамдык иш-чара өттү

Коом 29 май 2025 18:03
499268598_1143714071137779_5101644084755348905_n.jpg
495002817_1143714041137782_6301611526548962786_n.jpg
496148342_1143714021137784_6220136137899526504_n.jpg
502498622_1143713964471123_1973381630805028631_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 29.05.25./Кабар/. Борбор калаадагы «Аяр» реабилитациялык борборунда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Мэриядан билдиришкендей, иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө Борбордун камкорчулар кеңеши, Кызыл Жарым Ай коому жана «Элим, барсыңбы» кайрымдуулук фонду активдүү катышты.

Концерттин жүрүшүндө балдар үчүн №87 мектептин окуучулары даярдаган концерттик программа көрсөтүлдү. Ошондой эле Борбордун кызматкерлери жомок каармандарынын образында театрлаштырылган спектакль коюшту.

Кызыл Жарым Ай коому тарабынан аниматорлор, «таттуу кебез» жасоочулар чакырылып, балдарга белектер таратылып, «Shin Line» кондитердик фабрикасы балдарды балмуздак менен камсыз кылды.

Программа соңунда Борбор бардык кызмат алуучулар үчүн таттуу жана жемиштер менен коштолгон майрамдык түшкү тамак уюштурду.