Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Кытай өлкөсү аялдардын өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл буруп, өз ара тажрыйба алмашуу, санариптик сабаттуулукту жогорулатуу жана аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү багытында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда. Алдыда бул иштер тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лю Цзянпин айтып берет.

— Кыргызстан менен Кытай өлкөсүнүн аялдары арасындагы кызматташтык кандай өнүгүүдө?
— Кыргызстан менен Кытай достук мамиледеги коңшулаш өлкө болуп, бизди тоолор менен дарыялардан сырткары, жалпы тарыхыбыз бириктирип турат. Ошондой эле азыркы учурда эки өлкөнүн кызматташтыгынын өнүгүү тарыхы эң жогорку баскычта турат.
Бул кызматташуунун алкагында эки өлкөнүн мамлекет башчылары аялдар темасына өзгөчө маани берип келишет. Бул багыттагы биздин кызматташтык дагы акыркы жылдары өтө жогорку деңгээлде өнүгүүдө. Атап айтканда ортодо иш-чараларды уюштуруп, тажрыйба алмашып, делегациялар аркылуу бири-бирибизге коноко барып жатабыз.
Сиздердин өлкөдө ишкер айымдар абдан көп жана алардын арасынан көпчүлүгү Кытай тарап менен кызматташаары маалым. Андыктан, бул багыт дагы абдан чоң потенциалга ээ экендигин баса белгилеп кетким келет.

Биздин элчилик дагы ишкер аялдар менен кызматташууга жана аларды колдоого дайым даяр. Андан сырткары, Кыргызстан аялдар конгресси менен дагы тыгыз кызматташып келе жатабыз. Биргеликте өлкөнүн аймактарына аялдарды санариптештирүү борборлорун ачтык. Ошондой эле бизнес-пландоо, сүйлөө чеберчилиги, тил үйрөнүү, тигүүчүлүк боюнча акысыз окутуу курстарын ишке киргиздик.
Алдыда дагы жасай турган иштерибиз арбын. Жакынкы күндөрү Пекин шаарында өткөн Глобалдык аялдар саммитинде көтөрүлгөн маселелер бизге кызматташуунун башка дагы багыттарын ачып берди. Эми бизде мындан ары да биргеликте иш алып барууну улантуунун стратегиясы менен багыттары белгилүү

— Мындан ары эки өлкөнүн аялдарынын ортосундагы кызматташтык кайсы тармактарда жүргүзүлөт?
— Биринчиден, эки өлкө тең аялдарды өнүктүрүүдө өз тажрыйбаларын топтошту. Кызматташтыкты дагы да жакшыртуу максатында эми ошол тажрыйбалар менен көп-көп бөлүшкөнүбүз туура болот. Экинчиден, мамлекеттик деңгээлдеги эле эмес аялдардын аймактар аралык кызматташтыгын өнүктүрүүгө басым жасашыбыз керек. Себеби, анын потенциалы чоң. Эки өлкөнүн ортосунда бир тууган шаарлар да жок эмес. Андыктан, ал аялдар арасындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө эң жакшы аянтча болуп бере алат.
Үчүнчүдөн, санариптештирүү жана электрондук коммерция жаатындагы кызматташуу да биздин долбоорлор үчүн өтө маанилүү багыт болуп эсептелинет. Себеби, аял кишилердин көбү бул жаатта иш алып барышат жана интернет аркылуу ишкерлик кылуу биринчи кезекте аялдар үчүн ыңгайлуу. Учурда аялзаты үчүн каржылык көз карандысыздык абдан маанилүү болгондуктан, бул алардын өз мүмкүнчүлүктөрүн ачууга абдан жакшы жардам берет.