Бишкек, 10.09.25 /Кабар/. Бүгүнкү күндө аялдар үйдүн куту гана эмес, өлкөнүн экономикалык турмушун өнүктүрүүнүн активдүү катышуучусу болууда. Бул тууралуу бүгүн Бишкек шаарында өткөн V эл аралык аялдар бизнес форумунда мамлекеттик катчы Марат Иманкулов билдирди.
Мамлекеттик катчынын айтымында, бул форум ар кайсы өлкөлөрдүн ишкер айымдарынын, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын башын “айымдардын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү” деген жалпы бир максат менен бириктирген жакшы бир салт болуп калды.
“Статистикалык комитеттин акыркы маалыматтарына ылайык, 2024-жылы 18 миңден ашуун кичи жана орто ишкерлик субъектилери катталган. Алардын дээрлик 29%ын аял кишилер башкарары аныкталган. Ал эми бул аялдардын өлкөнүн экономикасын өстүрүүдөгү салымы улам өсүп жатат дегенди билдирет. Ошондой эле учурда айымдар бардык тармактарда иштешет. Буга өзгөчө жеңил өнөр жай, тигүү тармагы, айыл чарбасы, кайра иштетүү, соода-сатык, тейлөө, билим берүү тармагы жана IT технологиялары кирет.
Аял кишилер андан сырткары, экспортко багытталган долбоорлордо да активдүү катышып жатканын белгилей кетүү керек. Атап айтканда, Бишкек шаарындагы жана өлкөнүн башка аймактарындагы кыргыз аялдары башкарган тигүү ишканалары өндүрүштү модернизациялап, экспортко чыгарып жатышат.
Айымдардын ишкердигинин негизги бөлүгүн түзгөн кичи жана орто бизнес өлкөнүн ИДПнын 40%ын камсыздап, калкты жумуш менен камсыз кылуунун маанилүү бөлүгүн ээлейт. Ишкердиктин дал ушул түрлөрү өсүүнүн жогорку чекити жана миңдеген жарандар үчүн киреше булагы болуп эсептелинет.
Советтер союзу урап, жумушсуздук күч алып, экономикалык кризис болгон учурда дагы аялдар бизди сактап калган. Алар бул туңгуюктан жол таап, үй-бүлөнү камсыздоо, багуу жүгүн өз мойнуна алып, каатчылыктан бизди алып чыгып кеткен”,-деп белгиледи ал.
Белгилей кетсек, бүгүн “Түрк элдеринин прикладдык искусствосунун кылымдарды карыткан салттары” аталышындагы эл аралык аялдардын бизнес форуму болуп өттү. Ага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, элчилер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү жана чет өлкөлөрдөн келген ишкер айымдар катышты.