Аял-судьялардын конференциясы профессионалдык өсүүгө болгон кадам

Коом Загрузка... 05 Декабрь 2025 13:20
WhatsApp Image 2025-12-05 at 11.56.55 (1).jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.12.25 /Кабар/. Кыргыз аял-судьяларынын ассоциациясынын конференциясы аял-судьялардын профессионалдык өсүүсүнө жана калыптанышына зор салым кошууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине берген маегинде Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чаранын алкагында аялдар жана кыздар көрүп жаткан зордук-зомбулук маселелери, алардын акыйкаттуулукка жетүү механизмдери, укуктардын сакталышы жана көйгөйлөрдү чечүү жолдору кеңири талкууланат.

“Бул иш-чара өз жемишин жакшы берип жатат. Аялдардын калыптанышына жана өсүп-өнүгүүсүнө чоң таасир тийгизүүдө. Конференцияда аялдарга карата зордук-зомбулук эмнеден келип чыгары, жабыркагандардын кандай кыйынчылыктардан өтөрү жана адилеттүүлүккө жетүүдө кайсы тоскоолдуктар болуп жаткандыгын талкуулайбыз. 2024-жылдын 17-октябрында Жогорку соттун пленумунда токтом кабыл алынган. Анда зордук-зомбулукка байланышкан иштерди кароодо колдонулуучу жалпы практика, соттор көңүл бурууга тийиш болгон жагдайлар жана чечүү механизмдери камтылган. Бул маалымат аял-судьялар менен катар эркек-судьялар үчүн да маанилүү. Анткени, зордук-зомбулук категориясындагы иштерде көп учурда маанилүү жагдайлар көз жаздымда калып, чечимдерге таасир этип келет”, — деди ал.

Ал кошумчалагандай, мындан сырткары иш-чарада укук коргоо органдарында жана тергөөдө орун алып жаткан мүчүлүштүктөр, кыз-келиндерге болгон басым жана алардын адилеттикке толук жете албай калышы сыяктуу маселелерге өзгөчө басым жасалат.