Аял — үйдүн куту, берекеси. Эненин мээрими күндүн нурундай үй-бүлөгө жарык чачат. Анын балдарын кучагына алып, мээрим төккөнү жылуулук тартуулап, жашоону бактылуу көз ирмемдер менен толуктайт. Алар үй-бүлөдө гана эмес, коомдун кайсы гана тармагында болбосун, өз ишин мыкты билген кесип ээси катары иштин майын чыгара аткарып, ийгилик жаратат. “Кабар” агенттиги бул ирет дал ушул мактоолорго арзыган аялдардын бүгүнкү күндөгү ролу тууралуу айтып берет.
Аял — үй-бүлөнүн тиреги. Ал балдарын жарык дүйнөгө алып келип, үй-бүлөсүнүн кеңейишине, кыргызстандыктардын санынын өсүшүнө салым кошуп келет. Эне бала тарбиялоо менен катар үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо, улуттук салт-санаага маани берүүдө ролу чоң. Кыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамдан ашты. Бул ымыркайлардын төрөлүү көрсөткүчү дагы деле жогору бойдон келе жатканынан кабар берет. Көп балалуу үй-бүлөлөрдүн саны жылдан-жылга артып, “Баатыр эне” орденин тагынган энелердин катары калыңдады.
Алардын катарында сегиз баланы тарбиялап келе жаткан Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында жашаган Токторбаевдердин үй-бүлөсү да бар. Акылбек Токторбай уулу менен Таалайкүл Акматованын түтүн булатып жашап келе жаткандарына 22 жылдан ашты. Алар азыр эки эркек, алты кыздын ата-энеси катары айылдаштарына, деги эле кыргыз үй-бүлөлөрүнө үлгү болуп жатышат.

“Жакында эле улуу кызыбызды турмуш жолуна узаттык. Күйөө балабыз экөө жаш үй-бүлөлөрдүн катарына кошулду. Экинчи кызыбыз — студент. Төрт балабыз мектепте окуйт, дагы эки балабыз бала бакча курагында. Жолдошум дыйканчылык менен алектенет. Өзүм болсо почта кызматкеримин. Мен эне боло турган кыздарга, үй-бүлө курган жаш жубайларга айтарым: үй-бүлөнү түптөө — бул чоң жоопкерчилик. Жубайлар эриш-аркак, ынтымакта жашаганда гана ойлогон максаттарына, тилеген тилектерине жетет. Көп балалуу болуу да — чоң бакыт. Ар бир баланын өз ырыскысы бар. Биз балдарыбыздын ден соолугу чың, өмүрлөрү узун болушун, биз сыймыктанган, эл керегине жараган билимдүү, ыймандуу уул-кыздардын катарын толукташса деп тилейбиз. Ар бири өз кесибинин ээси болуп, албан-албан ийгиликтерди жаратсын”, — деди Таалайкүл Акматова.
Аялдар мамлекеттик кызматта, билим берүү, медицина, экономика жана маданият тармактарында да эмгектенишет. Көптөгөн аялдар коомдук уюмдарды жетектеп, социалдык маселелерди чечүүгө салым кошуп келишет. Ошондуктан кыргыз аялдарынын өлкөнүн социалдык, маданий жана экономикалык өнүгүүсүндө өз орду бар. Маданият тармагында ийгиликтерди жаратып келе жаткан чыгармачыл инсандардын катарында КР эмгек сиңирген артисти Таалайкан Абазова да бар. Ал искусство адамы болууну жаш кезинен эле кыялданганын айтат. Актриса 1987-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин театрда жана кинодо сахна ажары болуп, аялдардын ролун жаратып келет. Ал аткарган ролдору аркылуу кыргыз аялдарынын бейнесин ачып берүүгө аракет жасайт.

“Маданият тармагында иштеп келе жатканыма 30 жылга чукулдап калды. Жолдошум — менин кесиптешим. Ал да маданият тармагынын кызматкери болгондуктан, үй-бүлөнү да, чыгармачылыкты да бирге алып кетүүгө чоң колдоо көрсөтөт. Ошондой эле ата-энебиздин да биздин иштегенибизге колдоосу чоң болду. Кинобу же спектакльби, ал көрүүчүлөргө коомдогу тигил же бул маселе боюнча бир ойду билдирүү максатын көздөйт. Ал эми андагы аялзатынын ролун кыргыз аялынын күзгүсү катары көрсөк болот. Биз аялдардын ролун аткаруу менен коомдогу аялдын ордун жана жан дүйнөсүн ачып беребиз. Азыр дагы да алдыга умтулуп, заманбап аялдын жаңы ролдорун жаратууга аракет кылам. Учурда маданий долбоорлор менен иштөө менен алектенип жатам”, — деди Таалайкан Абазова.
Ошол эле маалда өлкөдө мамлекеттик башкарууда аялдардын өз орду бар. Парламентте жана жергиликтүү кеңештерде аял депутаттардын саны арбыды. Кыргызстан парламенттеги аял депутаттардын саны боюнча дүйнөдө алдыңкы катарда аталды. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун расмий сайтында жарыяланган Парламенттер аралык биримдиктин жаңы докладында айтылат. Баяндамага ылайык, 2026-жылдын 1-январына карата дүйнөдө парламенттердеги орундардын 27,5%ы аялдарга тиешелүү. Бул көрсөткүч өткөн жылы 27,2%ды түзгөн. Былтыр парламенттеги аялдардын эң көп өсүшү Кыргызстанда катталды. Жогорку Кеңеште аялдардын үлүшү 12,9%га көбөйдү. Учурда парламенттеги 90 депутаттын 30ун аял эл өкүлдөрү түзөт. Көп мандаттуу шайлоо округундагы үч мандаттын бирөө аял талапкерге берилери мыйзам менен бекитилген.

Акыркы жылдары аялдардын саясаттагы ролу акырындык менен күчөп жатат. Мурда саясат көбүнчө эркектер үстөмдүк кылган тармак катары кабыл алынса, бүгүн аялдар да мамлекеттик башкарууда, мыйзам чыгарууда жана коомдук иштерде активдүү катышууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Элвира Сурабалдиева билдирди.
Анын айтымында, парламентте, жергиликтүү кеңештерде, мамлекеттик кызматта аялдардын саны акырындап өсүүдө. Аялдардын саясатка келиши — бул жөн гана сан маселеси эмес. Бул коомдогу ар түрдүү пикирлердин, муктаждыктардын жана көз караштардын мамлекеттик чечимдерде чагылдырылышы дегенди билдирет.
“Жергиликтүү кеңештерге аялдардын квотасы киргизилген. Жаңы парламенттик шайлоодо да жаңы эрежелер киргизилди. Анда бир округдагы 3 депутаттын бири аял депутат болду. Бул өзгөрүүлөр аялдардын саясаттагы өкүлчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган маанилүү кадам. Квота — бул убактылуу механизм. Ал мамлекет жардам берип, саясатка кирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт дегенди гана билдирет. Андан кийинкиси толугу менен аялдын өзүнө байланыштуу. Ал өзүнүн билимине, принциптерине, ишине жана жоопкерчилигине жараша элдин ишенимин актап иштеши керек. Практика көрсөткөндөй, аялдар парламентте жана жергиликтүү кеңештерде жоопкерчиликтүү, принципиалдуу жана системалуу иш алып барышат. Ошондуктан саясатта аял же эркек деген бөлүнүү эмес, эң башкысы — кесипкөйлүк жана натыйжалуу иштөө. Менин негизги максатым — мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнө салым кошуу жана жарандардын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган мыйзамдарды кабыл алууга катышуу. Комитеттин ишин дагы да алдыга жылдыруу, ошондой эле эл менен байланыштын дайыма сакталуусу абдан маанилүү деп эсептейм”, — деп айтты эл өкүлү.
"Кабар" агенттигине Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктен маалымдашкандай, учурда Кыргызстанда саясий мамлекеттик кызмат орундарында аялдардын үлүшү 28%ды, ал эми саясий муниципалдык кызматтарда 2,8%ды түзөт. Ошондой эле мамлекеттик органдардагы административдик кызматтын жетекчи кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын 23%ын аялдар түзөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында болсо жетекчи кызмат орундарынын 42%ын аялдар ээлейт.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 2027-жылдын аягына карата бардык мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарында жетекчи кызмат орундарын ээлеген аялдар кеминде 20%ды түзүүсү шарт. Ал эми бул көрсөткүч 2030-жылы кеминде 30% болушу зарыл.
Ал эми айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарына, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервин түзүүдө бир жыныстагы өкүлдөрдүн саны резервге киргизилүүчү талапкерлердин жалпы санынын 70 пайызынан ашпоого тийиш.
Жыйынтыктап айтсак, Кыргызстанда бүгүнкү күндө аялдар үй-бүлөдө эне болсо, жумушунда өз кесибинин мыктысы катары эмгектенип кете ала турганын, кандай гана тармакта болбосун, ийгиликтерге жетишүүгө аракети күч экенин далилдеп жатышат. Мындан улам аялзатына дайыма колдоо көрсөтүү зарыл. Анткени эне — ыйык, кыз — кымбат.