Бишкек, 30.09.25 /Кабар/. Азыркы учурда парламенттик шайлоо өткөрүү - бүгүнкү күндүн талабы болуп саналат. Анын мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүшүн себептери буга чейин эле айтылгандыктан, коом да бул чечимди туура кабыл алды. Бул тууралуу “Кабар”агенттигине саясат таануучу Кубан Абдымен билдирди.
Анын айтымында, шайлоого даярдык иштери ыкчам жана ачык болушу керек. Кыргызстандагы саясий кырдаалдын шартында ар кандай күчтөр, ошондой эле депутат болууну каалаган талапкерлер түрдүү ыкмаларды колдонууга умтулат. “Алардын ичинде добуш сатып алуу же шайлоочулардын санын мыйзамсыз жолдор менен көбөйтүү аракеттери да болушу мүмкүн. Президент Садыр Жапаров мындай аракеттерге жол бербөө зарылдыгын туура эскертип, бул мыйзамга жана мезгилдин талабына шайкеш келет”,— деди эксперт.
Ал ошондой эле алдыдагы шайлоолор мурдагыларына караганда башкача болорун белгиледи. Эгер мурда добуш берүү партиялык тизмелер боюнча жүрсө, эми ар бир округдан 3–4 талапкер шайланат. Бул атаандаштык үчүн бирдей шарттарды түзөт. “Кээ бирлери шайлоочуларды сатып алууга, көмүр, акча таратууга же башка жардам көрсөтүүгө аракет кылышы мүмкүн. Бирок президенттин адилетсиз жана тең эмес шайлоолорго жол бербөө тууралуу чакырыгы мыйзамдуу жана өз учурунда айтылган демилге болду”,-деп кошумчалады ал.
Ошондой эле эксперттин айтымында, балким баары эмес, бирок шайлоочулардын көпчүлүк бөлүгү шайлоону таза жана мыйзамдуу өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ишенип, президенттин сөзүнө кулак салышат жана өз добушун сатпоого аракет кылышат.
Андан сырткары, Кубан Абдымен мурдагы парламенттик шайлоолордо тизмелердин үчтөн бири аялдардан турушу керек деп белгиленип, бирок бул талап иш жүзүндө сакталбай келгенин белгиледи. Шайлоодон кийин көпчүлүк аялдар мандатын өткөрүп берип, алардын ордуна эркектер келиши менен тең салмактуулук бузулган. “Азыр болсо жаңы эреже киргизилди. Эгерде округдан үч талапкер шайланса, алардын бири сөзсүз түрдө аял болушу керек. Бул мыйзамды бузууга жол берилбейт дегенди билдирет. Бул абдан туура көрүнүш болуп, гендердик укуктардын толук корголушуна жол ачат”, - деп сөзүн жыйынтыктады эксперт.