Бишкек, 29.01.26. /Кабар/. Мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Улугбек Ерешеев "Кабар" агенттигине айдоочуларды даярдоону мамлекеттик көзөмөлгө өткөрүү чечими боюнча пикирин билдирип, бул тармактагы реформалар эбак эле бышып жетилгенин белгиледи.
Анын айтымында, системалык коррупциядан улам окутуунун сапаты начарлап, бүтүрүүчүлөр керектүү көндүмдөргө ээ болбой, натыйжада Кыргызстандын жолдорунда кырсыктардын жана өлүмдүн көрсөткүчү тынымсыз өсүп келген.
"Айдоочу жол кыймылынын башка катышуучуларынын жана айланасындагылардын өмүрү үчүн жоопкер. Ошондуктан, айдоочунун күбөлүгүн керектүү көндүмдөр, билимдер, жол кыймылынын эрежелерин түшүнбөстөн сатып алуу мүмкүн болгондо, абал оор болуп калды. Жол кырсыктарынын жогорку деңгээли системалуу коррупциянын кесепети болгон.
Автомектептердин мамлекеттин карамагына жана көзөмөлүнө өтүшү – кечиктирилгис жана зарыл чара. Курсанттарды узак жана тыкыр окутуу керек, ошондо гана алар унааны башкара албаса же эрежелерди билбесе, ал коркунучтун булагы экенин аңдап билишет.
Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамендерди тапшырууда да көзөмөл ушундай эле катуу болушу кажет. Бул тармак коррупциядан тазаланышы керек. Мамлекет айдоочуларды даярдоо тутумун реформалап жатканынын пайдалуу жактары көп. Жолдогу тартиптен жана дисциплинадан адамдардын өмүрү көз каранды", - деп жыйынтыктады Улугбек Ерешеев.