Автомектептерде формалдуу окутууга каршы күрөшүүнүн жаңы механизмдери иштелип чыгат

Коом Загрузка... 19 Сентябрь 2025 18:23
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 19.09.25. /Кабар/. Унаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик агенттиги айдоочуларды даярдоо процессин көзөмөлдөөнү жана алардын даярдык сапатын жогорулатууну камсыз кылууга багытталган "АВТОМЕКТЕП" автоматташтырылган системасын киргизүү боюнча пилоттук долбоорду коомдук талкууга чыгарды.

Документте айтылгандай, негизги милдет — айдоочуларды даярдоонун сапатын жогорулатуу аркылуу жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу. Пилоттук долбоор жол кырсыктарынын алдын алууга, алардын кесепеттеринин оордугун азайтууга, ошондой эле жарандардын укуктарын жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоого багытталган.

Тармактын көйгөйлөрү

Учурда айдоочуларды даярдоо жана кайра даярдоо тармагында төмөндөгүдөй системалуу бузуулар аныкталып келет:

  • айрым автомектептердин билим берүү кызматтарынын сапатынын төмөндүгү;
  • лицензиялык талаптардын сакталбагандыгы жана керектүү окуу-материалдык базанын жоктугу;
  • квалификациясы жок инструкторлордун ишке тартылышы;
  • реалдуу сабактарсыз эле күбөлүктөр берилген формалдуу окутуу учурлары.

Жаңы "АВТОМЕКТЕП" системасы

Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн "АВТОМЕКТЕП" автоматташтырылган маалымат системасы (АМС) иштелип чыгууда. Ал окуу процессин эсепке алуу жана башкаруу үчүн бирдиктүү маалымат мейкиндигин түзөт.

Системанын мүмкүнчүлүктөрү:

  • Face ID технологиясы менен катышуунун электрондук журналы;
  • Сабактардын жадыбалын түзүүнү жана курсанттарды эсепке алууну автоматташтыруу;
  • Тартипти көзөмөлдөөчү куралдар.

Долбоордун демилгечилеринин айтымында, АМСти киргизүү окуу процессинин ачык-айкындыгын жана натыйжалуулугун камсыз кылууга, айдоочуларды даярдоонун башкарылышын жана сапатын жогорулатууга, ошондой эле жолдордогу кырсыктарды азайтуу үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.