Бишкек, 30.09.25. /Кабар/. Кыргызстанда автоматташтырылган шайлоо системасы жана шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр добуштардын жыйынтыктарын жасалмалоо өңдүү көрүнүштөргө бөгөт койду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине саясат таануучу, Евразиянын стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору Бакыт Жумагулов билдирди.

Анын айтымында, көп шайлоолордо админресурсту пайдалануу, жыйынтыктарды жасалмалоо, добуш сатып алуу көрүнүштөрү таза шайлоо өткөрүүгө жолтоо болуп келген. Бүгүнкү күндө бир шайлоочу - бир добуш принциби ишке ашырылды.
"Көп шайлоолордо участкалык комиссияларда протоколдорду фальсификация кылышчу. Бир эле киши "карусель" жолу менен бир канча жолу добуш берчү.
Мындан тышкары, добуштарды сатып алуу көрүнүштөрү 2020-жылдагы шайлоодо катуу байкалды. Административдик ресурсту пайдаланып, тигил же бул саясий партияны жылдырабыз деген окуялар болчу.
Мунун баарына шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр аркылуу бөгөт коюлду.
Бул тууралуу президент элге кайрылуусунда белгиледи.
Шайлоочуларга жоопкерчиликтерин сезип, добушун татыктуу деп тандаган талапкериңерге бергиле деп айтты. Анткени татыктуу эл өкүлдөрүнүн келишине шайлоочулардын добушу да таасирин тийгизет.

Постсоветтик өлкөлөр арасында Кыргызстан шайлоодо автоматташтырылган системаны колдонуу боюнча алдыда турат. Муну менен биздин өлкө шайлоонун жыйынтыктарын жасалмалаганга техникалык жактан бөгөт коё алды. Бул заманбап технологияларды колдонуу ыкмалары көп өлкөлөрдү кызыктырат. Ошол система менен бир шайлоочу - бир добуш деген принцип такталган.
Бул буга чейинки "карусель", протоколдорду жасоо, админресурс аркылуу шайлоо жыйынтыгына таасир берүүлөрдү жок кылууда заманбап технологиялардын орду чоң", - деп белгиледи Бакыт Жумагулов.