Автомат, тапанча, ок-дарылар. Чүйдө жашыруун жай табылды

Укук тартиби 26 сентябрь 2025 14:05
4e873ed9-bdea-4f64-90c9-a2cdc293b15f.jpeg
04d265e8-ef0f-44ee-83b9-e31e90e6ebbf.jpeg
dcb10bab-a0cb-4d3a-b879-2cf293b2b990.jpeg
Алдыга
Артка
4e873ed9-bdea-4f64-90c9-a2cdc293b15f.jpeg
04d265e8-ef0f-44ee-83b9-e31e90e6ebbf.jpeg
dcb10bab-a0cb-4d3a-b879-2cf293b2b990.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 26.09.25. /Кабар/. Чүй облусунун, Аламүдун районунда ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун Таш-Мойнок а/а, Прохладное айылынын тоолуу аймагына жакын жерде ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жашыруун жай табылды.

Жашыруун жайдан табылган курал-жарактардын тизмеси:

- 1 даана АКС-74 автоматы;

- 1 даана ТТ үлгүсүндөгү тапанча;

- 5,45 жана 7,62 калибрдеги ок-дарыларды камтыган 20 даана магазин.

Белгиленгендей, ок атуучу куралдарды буга чейин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү өлкөдөгү саясий өзгөрүүлөр учурунда коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу максатында колдонушкан.

Учурда УКМК тарабынан ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды сактоого тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу, ошондой эле куралдарды мурда жасалган кылмыштарда колдонуу фактыларын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.