Бишкекте коомдук транспорттогу төлөм эрежелери боюнча рейддер жүрүүдө

Коом Жүктөлүүдө... 07 Июль 2026 10:50
738504168_1043052344919479_701508278743443829_n.jpg
739437460_999355666281495_6464521250331572377_n.jpg
740271888_1685739295806356_8853915683117513884_n.jpg
741068640_1041795021726841_7051294417750524959_n.jpg
Алдыга
Артка
738504168_1043052344919479_701508278743443829_n.jpg
739437460_999355666281495_6464521250331572377_n.jpg
740271888_1685739295806356_8853915683117513884_n.jpg
741068640_1041795021726841_7051294417750524959_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 07.07.26. /Кабар/. Бишкекте коомдук транспортто жол киренин төлөнүү эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө боюнча рейддик иш-чаралар күн сайын, анын ичинде дем алыш күндөрү да өткөрүлүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддердин жүрүшүндө айдоочулар жана жүргүнчүлөр менен жол кирени альтернативдүү ыкма аркылуу төлөө тартиби жана белгиленген талаптарды сактоонун зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгиленгендей, 1-июлдан тартып Бишкек шаарынын муниципалдык автобустарында жол кирени альтернативдүү төлөө системасы расмий түрдө иштей баштаган.

Рейддик иш-чаралардын негизги максаттары:

  • жол киренин өз убагында жана туура төлөнүшүн камсыз кылуу;
  • жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатуу;
  • коомдук транспорттун ишинин ачыктыгын камсыз кылуу.