Авариялык абал: Бишкектин бир бөлүгүндө суу берүү убактылуу токтотулду

Коом 10 июль 2026 12:20
Авариялык абал: Бишкектин бир бөлүгүндө суу берүү убактылуу токтотулду

Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Бүгүн саат 09:00 чамасында ХБО суу топтомосунда электр тармагына байланыштуу өзгөчө кырдаал катталгандыгына байланыштуу борбор калаанын айрым аймактарында суу берүү убактылуу чектелди.

Муниципалитеттин маалыматы боюнча, ичүүчү суу Чыгыш Чоң Чүй каналы, Анкара, Кыдыр-Аке, Оберон, Лев Толстой, М. Горький, 7-апрель көчөлөрү жана Аламүдүн суусу менен чектелген аймакта убактылуу өчүрүлдү.

"Учурда адистер авариянын кесепеттерин жоюу иштерин башташты. Оңдоо иштери учурунда суу топтомонун электр энергиясы толугу менен өчүрүлгөндүктөн, насостук жабдуулар иштебейт", - деп айтылат маалыматта.