Ауэзов көчөсүндөгү жолду калыбына келтирүү боюнча тапшырмалар берилди

Коом 31 март 2025 17:34
8850afd7-266a-424a-a0d8-da453bb12b87.jpg
84813573-9d58-4e1b-9a8e-4505f1a8539a.jpg
1bb537da-b273-43f0-a217-1c62fad0ea58.jpg
1f2ccad5-b3d9-4f02-875b-0208a995f9c3.jpg
7dba5f3d-83fa-4fe6-8403-71f6ace32f0b.jpg
Алдыга
Артка
8850afd7-266a-424a-a0d8-da453bb12b87.jpg
84813573-9d58-4e1b-9a8e-4505f1a8539a.jpg
1bb537da-b273-43f0-a217-1c62fad0ea58.jpg
1f2ccad5-b3d9-4f02-875b-0208a995f9c3.jpg
7dba5f3d-83fa-4fe6-8403-71f6ace32f0b.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 31.03.25. /Кабар/. Бишкектеги Ауэзов көчөсүндөгү жолду калыбына келтирүү боюнча тапшырмалар берилди. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн мэр Айбек Жунушалиев асфальт-бетон төшөлмөсүнүн стандарттарга дал келбегендиги жана бордюрдук блоктордун кемчиликтери аныкталган Ауэзов көчөсүнүн тилкесин текшерди.

Ауэзов көчөсүн Анкара көчөсүнөн Чоң Чүй каналына чейин оңдоо иштери "Чүйдорсервис" ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлгөн. Борбор калаанын башчысы "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына жолду калыбына келтирүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү, ошондой эле жолду кеңейтүүнү эске алуу менен жол куруу үчүн жаңы подряддык уюмду аныктоону тапшырды.

Ошондой эле ал ишканага подряддык уюм жогоруда белгиленген аймакты куруу үчүн бардык финансылык каражаттарды кайтарып берүүсүн милдеттендирүүнү айтты.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгына Ауэзов көчөсүндөгү тиешелүү уруксат документтери жок орнотулган объекттерди, ошондой эле кызыл сызыктан чыккан объекттерди демонтаждоо иштерин күчөтүү милдети коюлду.

Кыдыруунун жыйынтыгында Айбек Жунушалиев аталган тилкени көрктөндүрүү маселесин да кароону белгиледи.