Бишкек, 29.10.26 /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы тоолуу өрөөндөрдүн биринде жергиликтүү тургундардын коштоосунда жүргөн туристтер ак илбирсти видеого тартып алышты.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, видеонун авторлорунун айтымында, илбирс атчан адамдарды көргөндө дароо токойго кирип кеткен.
Кыргызстан ак илбирстин негизги жашоо аймактарынын бири болуп саналат. Адистердин баамында, өлкөдө алардын саны болжол менен 450–550гө жетет.
1990-жылдары ак илбирстин саны кескин азайган. Бирок акыркы жылдары анын популяциясы акырындап калыбына келе баштаганы байкалууда. Алардын негизги жашоо аймактары Ысык-Көл жана Нарын облустарында жайгашкан.
Министрлик ак илбирс Кыргызстандын улуттук символдорунун бири экенин белгиледи. Президенттин жарлыгы менен ал өлкөнүн улуттук символу катары таанылган.