Кемелова Ереванда тоо экосистемаларын коргоо, каржылоо демилгесин көтөрдү

Экология
222.jpg
777.jpg
111.jpg
333.jpeg
444.jpg
555.jpg
666.jpeg
888.jpg
Алдыга
Артка
222.jpg
777.jpg
111.jpg
333.jpeg
444.jpg
555.jpg
666.jpeg
888.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Армениянын Ереван шаарында БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясы (COP17) өтүүдө. Ага 196 өлкөнүн өкүлдөрү катышып, катышуучулардын саны 15 миң адамга жетери күтүлүүдө 

Конференциянын ишине Кыргызстандын президентинин Тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова баштаган Кыргызстандын делегациясы катышууда. 

26-октябрда СОР17нин алкагында БУУнун Айлана-чөйрө боюнча программасы (ЮНЕП), БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) жана Тоо өнөктөштүгү тарабынан уюштурулган Тоо экосистемалары күнүнө (Mountain Ecosystems Day) арналган иш-чаралар өттү. Ага тоолуу өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын жана илимий коомчулуктун өкүлдөрү катышып, тоолордун биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо, экосистемаларды калыбына келтирүү жана каржылоо булактарын тартуу маселелерин талкуулашты. 

Иш-чаранын жыйынтыктоочу сессиясында Динара Кемелова сөз сүйлөп, тоо экосистемаларын сактоо боюнча эл аралык милдеттенмелерди конкреттүү практикалык чараларга айландыруунун зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле Кыргызстандын тоо күн тартиби боюнча демилгелери тууралуу маалымат берип, катышуучуларды 2027-жылдын 21–23-октябрында Кыргызстанда өтө турган "Бишкек+25" Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды. 

Кыргызстандын президенти COP17нин Лидерлер саммитинде көтөргөн эл аралык демилгелерге өзгөчө көңүл бурулду. Алардын катарында Глобалдык экологиялык фонддун (ГЭФ) алкагында тоолорго арналган атайын программа түзүү, Бишкек шаарында Глобалдык тоо туруктуулугу борборун ачуу, ошондой эле Ысык-Көлдү сактоо үчүн БУУнун эгидасы астында трасттык фонд түзүү демилгелерин баса белгиледи. 

Кыргызстандын делегациясы жогорку деңгээлдеги иш-чараларга да катышууда. Атап айтканда, "Глобалдык серептен глобалдык аракеттерге: биологиялык ар түрдүүлүккө мониторинг жүргүзүү боюнча Ереван технологиялык борборун ишке киргизүү» аттуу иш-чарада Кыргызстан тоо экосистемаларынын өзгөчө маанисин белгилеп, тоолуу өлкөлөрдүн татаал географиялык шарттарын жана климаттын өзгөрүшүнө карата аярлуулугун эске алуу менен мониторинг жүргүзүүгө жана илимий изилдөөлөргө каржылык ресурстарды тартуунун зарылдыгын баса белгиледи. 

COP-17нин алкагында Динара Кемелова Испания, Андорра, Греция, Панама, Польша, Норвегия, Камбоджа, Филиппин жана Сауд Арабиясынын өкүлдөрү менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. 

Жолугушууларда тоо экосистемаларын сактоо жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, тоо күн тартибин эл аралык деңгээлде илгерилетүү жана "Бишкек+25" саммитине катышуу маселелери талкууланды.