Кыргызстан тоолуу аймактарды өнүктүрүү он жылдыгын жарыялоону демилгеледи

Экология 3 октябрь 2026 16:40
833790635_991708667313486_8764106920259825229_n (1).jpg
831327297_1408765224104951_7415161413969749923_n.jpg
833412606_1638948737777794_1027711197151701651_n.jpg
836459650_1133372599381239_7325235350234163416_n.jpg
831196014_2652939621786702_8312659990373400330_n.jpg
834938048_28415174761507881_2326070867369756353_n.jpg
833219202_1714850889614057_2075911391391461264_n.jpg
836444775_1392626702901035_2927562000291342784_n.jpg
Алдыга
Артка
833790635_991708667313486_8764106920259825229_n (1).jpg
831327297_1408765224104951_7415161413969749923_n.jpg
833412606_1638948737777794_1027711197151701651_n.jpg
836459650_1133372599381239_7325235350234163416_n.jpg
831196014_2652939621786702_8312659990373400330_n.jpg
834938048_28415174761507881_2326070867369756353_n.jpg
833219202_1714850889614057_2075911391391461264_n.jpg
836444775_1392626702901035_2927562000291342784_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 03.10.26 /Кабар/. Рим шаарында Дүйнөлүк токой жумалыгынын 10-юбилейлик иш-чаралары жана Токой чарбасы боюнча комитеттин 28-сессиясы өтүп, анын алкагында КР президентинин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова жетектеген кыргызстандык делегация Кыргызстандын Тоолуу аймактардын туруктуулугун чыңдоо боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун он жылдыгын (2028-2037-жылдар) жарыялоо демилгесин илгерилетүү боюнча иш чараларды өткөрдү.

Кыргызстандын демилгеси бир катар мамлекеттер тарабынан колдоого алынды жана Комитет өз баяндамасында тоо экосистемаларынын суу ресурстары, азык-түлүк коопсуздугу жана калктын жашоо каражаттары үчүн өзгөчө маанилүү экендигин белгиледи. Ошондой эле тоолуу аймактардын табигый кырсыктарга өзгөчө жабыр тартуу коркунучу жогору экендигин белгиледи.

Динара Кемелова ФАОнун "Тоо токойлору, адамдар жана гүлдөп-өнүгүү үчүн чечимдердин булагы" аталыштагы жогорку деңгээлдеги тематикалык иш-чарасында негизги баяндама менен чыгып, 2023-2027-жылдарга мерчемделген Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу, 2027-жылдын октябрь айында өтө турган "Бишкек+25" экинчи Глобалдык тоо саммитине даярдык көрүү, ошондой эле глобалдык күн тартибинде тоолуу аймактардын маанисин жогорулатуу маселелери тууралуу маалымат берди.

Италиянын Министрлер кеңешинин президентинин Борбор Азия боюнча кеңешчиси Мария Верроне менен болгон жолугушууда, Динара Кемелова Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Италия Республикасынын министрлер кенешинин төрайымы Жоржи Мелониге даректелген кайрылуусун тапшырып, тоо күн тартибин илгерилетүү жаатындагы мындан аркы кызматташтыкты чыңдоо сунушу менен бирге экинчи "Бишкек+25" Глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.

Мындан тышкары, сапардын алкагында Динара Кемелова Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Башкы директору Цюй Дунъюй, Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун (IFAD) вице-президенти Жерардин Мукешимана, Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БДАП) Аткаруучу директорунун орун басары Мэттью Холлингворт, ошондой эле Италиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө "Бишкек+25" саммитине даярдык көрүү, Тоолуу аймактардын туруктуулугу боюнча глобалдык борборду түзүү, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган эки тараптуу жана аймактык долбоорлорду илгерилетүү маселелери талкууланды.

Эл аралык өнөктөштөр Кыргызстандын тоо күн тартибин глобалдык деңгээлде илгерилетүү боюнча аракеттерин колдоорун билдиришип, тоолуу аймактардагы жамааттарды жана фермерлерди колдоого, ошондой эле өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине каршы күрөшүү боюнча дараметин жогорулатууга багытталган долбоорлорду илгерилетүү ниеттерин билдиришти.