Ататүрк паркына 500 түп дарак отургузулат

Коом 10 сентябрь 2025 16:00
1757481222.jpg
1757481236.jpg
1757481301.jpg
1757481291.jpg
1757481278.jpg
1757481218.jpg
1757481213.jpg
1757481202.jpg
1757481356_large.jpeg
Алдыга
Артка
1757481222.jpg
1757481236.jpg
1757481301.jpg
1757481291.jpg
1757481278.jpg
1757481218.jpg
1757481213.jpg
1757481202.jpg
1757481356_large.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 10.08.25. /Кабар/. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Ататүрк атындагы сейил багына барып, аны жаңылоо боюнча жүрүп жаткан масштабдуу иштерди текшерди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда сейил бакта  жөө жүргүнчүлөр үчүн жаңы жол салынууда - бул жол  долбоордун алкагында пландаштырылган.

Шаар башчысы жетекчилерге ишти күн сайын көзөмөлдөөнү тапшырды. Негизги милдеттер - мүмкүн болушунча көп жашыл мейкиндиктерди сактап калуу, ошондой эле жарыктандырууга, ирригациялык системага жана жашылдандыруунун башка элементтерине көңүл буруу.

"Реконструкциялоо долбоору жөн гана оңдоолорду эмес, сейил багына жаңы кире бериштер, Афганистандагы согуш ардагерлерине арналган эстеликти жаңылоо, заманбап балдар жана спорт аянтчалары, иппотерапия зонасы, байкоочу көлмө жана пикник аянтчалары уюштурулат. Активдүү эс алууну сүйүүчүлөр үчүн 3 км чуркоо жолу жана 3,6 км велосипед жолу каралган. Тротуарлардын жалпы аянты 77 миң чарчы метрди түзөт", - деп белгилешти мэриядан.

Жашылдандырууга өзгөчө көңүл бурулууда. Быйыл күзүндө паркка 500 түптөн ашуун бак-дарактар отургузуу пландалууда.

Мындан тышкары, мэр Ала-Арча дарыясынын жээгин бекемдөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Жакынкы аралыкта жээкти жашылдандыруу маселеси каралат.