Ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү – экономикалык саясаттагы маанилүү багыт. Бул импортко болгон көз карандылыкты азайтып, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө шарт түзөт. Ошондой эле жергиликтүү ишканалардын көбөйүшү экономиканын өсүшүнө чоң салымын кошот.
Күн мурун президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып, экономиканы чыңдоо үчүн ата мекендик өндүрүшкө өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.
Өлкө башчысы импортту азайтып, экспортту көбөйтүү зарылдыгын айтты.
“Биз мүмкүн болушунча импортту азайтып, импорт менен экспорттун тең салмактуулугун камсыз кылышыбыз керек. Мурда 30 пайыз экспорттоп, 70 пайыз импорттосок, азыр импорттун көлөмү 60 пайызга чейин азайды”,-деди.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылы Кыргызстандын экспорту 2,8 млрд долларды түзгөн. Ал эми ЕАЭБ өлкөлөрүнө жөнөткөн көлөмү 1,1 млрд доллар болгон.
Өлкөнүн негизги экспорттук өнөктөштөрү — Россия (22,9%), Казакстан (15,9%), Швейцария (15,4%), Өзбекстан (14,2%), Улуу Британия (8,2%), Кытай (5,4%), Бириккен Араб Эмираттары (4,3%) жана Түркия (2,7%) өлкөлөрү. Бул багыттагы соода мамилелерин чыңдоо үчүн министрлер кабинети тарабынан тийиштүү шарттар түзүлүүдө.
Ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо механизмдери
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун директорунун орун басары Тилек Жумалиев "Кабар" агенттигине быйыл экспорттоочуларга карата бир нече колдоо механизмдери киргизилип жатканын белгиледи.

Анын айтымында, ата мекендик өндүрүшчүлөргө пилоттук негизде жеңилдетилген насыялар берилип баштайт. Бул долбоорду ишке ашыруу механизми министрлер кабинети тарабынан бекитилген.
"Катышуучулары — Мамлекеттик өнүктүрүү банкы, Евразиялык кайра камсыздоо компаниясы жана Кепилдик фонду. Анын алкагында Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жылына 8 пайыз менен насыя берет. Андан сырткары, товар жөнөтүүдөгү транспорт чыгымдарынын 20 пайызын, эл аралык стандарттарды киргизүүнү, дүйнөлүк көргөзмөгө катышууну, чет өлкөлөрдөн лабораториялык изилдөөлөрдөн өтүүнү каалагандардын чыгымдарынын 50 пайызын компенсациялап бергени жатабыз. Ошондой эле аларга консалтинг, окутуу семинарлары өткөрүлүүдө. Бир жума мурун Бишкек жана Ош шаарларында өндүрүшчүлөргө Wildberries, Ozon маркетплейстерине экспорттук документтерди даярдоо жана каттоо, сертификациялоо, маркировкалоо жана логистика жолдору деталдуу үйрөтүлдү",-деди ал.

“Экспорттук акселератор” деген программаны киргизип жатабыз. Анын бенефициарлары тигүү жана азык-түлүк тоңдуруу тармагындагы компаниялар болот. Арасынан ар тармактан 10 компания тандалып алынып, аларга чет өлкөлүк адистер иштин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууну, товарларын Евробиримдик жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чыгарууну үйрөтүшөт. Андан сырткары аларга жаңы рынокту, кардарларды, өнөктөштөрдү табууга көмөктөшүп, Франция, Германия, Түркия, Малайзия, АКШ сыяктуу 15тен ашык өлкөлөрдө көргөзмөлөрдү уюштурууну пландап жатабыз”, — деп белгиледи Жумалиев.
Бул демилгелердин ийгиликтүү ишке ашуусуна министрлер кабинети тарабынан түзүлгөн шарттар чоң өбөлгө болууда.
Өлкө өзүн 6 азык-түлүк менен камсыздоого жетишти
Жигердүү өнүгүү жолунда кетип бара жаткан өлкө акыркы жылдары өзүн 6 азык-түлүк продукциясы менен камсыздоого жетишти. Алар: жашылча-жемиштер, картошка, сүт жана сүт азыктары, эт жана эт азыктары, кант жана жумуртка.
Ал эми нан азыктары, өсүмдүк майы жана мөмө-жемиштер боюнча муктаждык азырынча жарым-жартылай импорттун эсебинен жабылууда.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, 2020–2025-жылдар арасы мамлекеттин өзүн камсыздоо көрсөткүчү төмөнкүдөй жогорулаган:
- сүт — 112 пайыздан → 127,3 пайызга;
- эт — 63,6 пайыздан → 85,7 пайызга;
- кант — 15 пайыздан → 82,1 пайызга;
- жумуртка — 56,4 пайыздан → 79,8 пайызга;
- өсүмдүк майы — 34 пайыздан → 51,7 пайызга;
- мөмө-жемиштер — 15 пайыздан → 51,4 пайызга.
Бул көрсөткүчтөрдүн өсүшү министрлер кабинети тарабынан ишке ашырылып жаткан азык-түлүк коопсуздугу программасынын натыйжасы болуп саналат.
Импорттон көз карандылыкты жойгон завод
Президент өз сөзүндө ошондой эле жакында Кара-Балта шаарында балык жемин чыгаруучу завод ишке киргенин билдирди.
“Балык өстүрүүчүлөр тоютту ошол жерден алышса болот. Ал жерде өндүрүлгөн тоют Европа өлкөлөрүнүкүнөн кем калышпаган сапатта чыгарылууда”, — деди өлкө башчысы.
“Тянь-Шань форель” ишканасынын негиздөөчүсү Илгиз Шаменов “Кабар” агенттигине билдиргендей, завод Кыргызстандын рыногун толугу менен камсыздай алат.
“Биздин завод жаңыдан ишке киришти. Борбор Азияда аналогу жок завод десек болот. Жемдин сапаты да өтө жогору. Адал продукциялардан, балык уну, соя жана балык майы сыяктуу бай азыктардан жасалууда. Бүгүнкү күндө ал суткасына 50 тонна жем даярдоодо. Эгер толук күчүнө кирсе, көлөмү 130 тоннага чейин жетет. Азырынча 30дай адам иштеп жатат. Толугу менен ишке кирсе 100 жумуш орду түзүлөт. Дүкөндөрдө, базарларда сатыкка чыгууда”, — деди ал.

Өлкө чыгарып жаткан курулуш материалдары
Садыр Жапаров ошондой эле өлкөдөн чыгып жаткан курулуш материалдарына токтолуп: “Буга чейин курулуш материалдарын башка мамлекеттерден алып келчүбүз. Азыр бир катар курулуш материалдарын өзүбүз чыгарып, атүгүл экспорттой баштадык”, — деди. Бул багыттагы ата мекендик өндүрүштү колдоо иштери министрлер кабинети тарабынан иштелип чыккан программалардын алкагында жүргүзүлүүдө.
Азыркы учурда өлкө төмөндөгү курулуш материалдарын экспортко чыгарат:
- мрамор, кум, акиташ, гранит, шагыл, асбест жана башка шыбак материалдары;
- желим буюмдар (түтүктөр, пол жана дубал үчүн жабдуулар, сантехникалык тетиктер);
- жыгачтан жасалган буюмдар (араланган жыгач материалдары, фанера, каптоо плиталары);
- таш жана керамикадан жасалган буюмдар (таманташ, кыш, панелдер, плиткалар);
- кара металлдан жасалган буюмдар (түтүктөр, металл конструкциялар, эшиктер, терезелер жана алардын алкактары ж.б.);
- химия өнөр жайынын продукциялары (боёктор, лактар, замазкалар, шпаклевкалар ж.б.).

2025-жылы ишке кирген курулуш материалдарын чыгаруучу ишканалар:
- Жалал-Абад облусу: “Салих Строй” (асфальт), “Дружба” ЖЧК (кыш), “ДиСиАй Кей Жи” ЖЧК (гипс).
- Чүй облусу: “Асылташ Керамикс” (плитка, керамогранит), “Кант цемент заводу”, “ЭйЭйСи” (газоблок), “Стилекс” (алюминий профиль), “Металл Торг Сервис” (ширетүүчү балка), “Ак Таш Кальцит” (кыш, гипс).
- Ысык-Көл облусу: “Глобал Бетон” (темир-бетон).
- Баткен облусу: “Партнер Шифер” (шифер), “Автомагистраль” (асфальт).
- Нарын облусу: Бетон заводу.
- Ош облусу: “Эл Пласт” (айнек пакеттер жана рамалар).
Экономика жана коммерция министрлигинин Өнөр жай чөйрөсүн талдоо бөлүмүнүн башчысы Талантбек Карасартовдун айтымында, бул ишканалардын ар биринде кеминде 100дөн ашык жумуш орундары түзүлгөн. Ошондой эле алдыда курулуш материалдарын чыгаруучу 43 ишкана ишке киргизилет. Бул багыттагы демилгелерди министрлер кабинети өзгөчө колдоого алууда.
“Бул долбоорлордун ишке ашырылышы өлкөнүн өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, инвестицияларды тартууга жана аймактардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталган”, — деп билдирди ал.
Күн мурун “Стилекс” ишканасы алюминий профилдерин жана куйма продукциясын чыгарууга багытталган заводду пайдаланууга берди. Долбоордун алкагында жалпы аянты 10,8 миң чарчы метр болгон заманбап өндүрүш комплекси курулган. Анда куйма жана пресс цехтери, боёо линиясы, кампалар, сапатты көзөмөлдөө лабораториясы жана административдик корпус жайгашкан. Завод жылына 1,4–1,5 миң тонна алюминий куймасын жана 1–1,3 миң тонна алюминий продукциясын чыгарууга жөндөмдүү.