Ата мекендик балык тоюту. BIOJEM кубаттуулугун кеңейтет — Кабар

Ата мекендик балык тоюту. BIOJEM кубаттуулугун кеңейтет

Экономика 4 декабрь 2025 14:42
IMG_9732.JPG
IMG_9733.JPG
IMG_9729.JPG
IMG_9728.JPG
IMG_9726.JPG
IMG_9723.JPG
IMG_9719.JPG
IMG_9714.JPG
IMG_9712.JPG
IMG_9710.JPG
IMG_9705.JPG
IMG_9702.JPG
IMG_9698.JPG
IMG_9694.JPG
IMG_9689.JPG
IMG_9685.JPG
IMG_9684.JPG
IMG_9683.JPG
IMG_9680.JPG
IMG_9678.JPG
IMG_9675.JPG
IMG_9674.JPG
IMG_9672.JPG
IMG_9671.JPG
IMG_9668.JPG
Алдыга
Артка
IMG_9732.JPG
IMG_9733.JPG
IMG_9729.JPG
IMG_9728.JPG
IMG_9726.JPG
IMG_9723.JPG
IMG_9719.JPG
IMG_9714.JPG
IMG_9712.JPG
IMG_9710.JPG
IMG_9705.JPG
IMG_9702.JPG
IMG_9698.JPG
IMG_9694.JPG
IMG_9689.JPG
IMG_9685.JPG
IMG_9684.JPG
IMG_9683.JPG
IMG_9680.JPG
IMG_9678.JPG
IMG_9675.JPG
IMG_9674.JPG
IMG_9672.JPG
IMG_9671.JPG
IMG_9668.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 04.12.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Москва районундагы BIOJEM компаниясынын өндүрүш процесси менен таанышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, BIOJEM — тузсуз аквакультура үчүн профессионалдык тоюттарды чыгарган улуттук өндүрүүчү. Кыргызстандагы бул багытта иш алып барган 3-ишкана, заманбап экструзиондук жабдуулар менен толук циклдеги өндүрүшкө ээ болуп, жылына 35 миң тоннага чейин тоют чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Заводдун өзгөчөлүктөрү:

  • автоматташтырылган экструзиондук линия, вакуумдук майлоо технологиялары;
  • ар кандай балык түрлөрүнө ылайыкташкан рецептуралар;
  • сапатты көзөмөлдөөнүн толук цикли — сырьё кабыл алуудан тартып даяр продукцияны таңгактоого чейин;
  • заманбап жабдылган лаборатория;
  • европалык жана азиялык адистер менен туруктуу технологиялык консалтинг.

BIOJEM продукциясынын ассортиментине форель, осетр, карп жана башка тузсуз суу балыктары үчүн тоюттар кирет. Тоюттар жогорку сиңиримдүүлүккө, балансташтырылган протеин, май, витамин жана минералдык курамга ээ.

Министр Бакыт Төрөбаев белгилегендей, Кыргызстанда аквакультура тармагын өнүктүрүүдө ата мекендик өндүрүштүн ролу өзгөчө маанилүү. Ички рынокту сапаттуу тоют менен камсыз кылуу жана экспортук потенциалды жогорулатуу — тармактын негизги багыттарынын бири.