Ата-энесинен ажыраган жети балага турак жай үчүн жер тилкеси берилди

Коом Загрузка... 03 Октябрь 2025 17:50
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 03.10.25. /Кабар/. Ата-энесинен ажыраган 7 балага турак жай үчүн жер тилкеси берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматта белгиленгендей, Өзгөн жана Базар-Коргон райондук прокуратуралары тарабынан ата-энесинен ажыраган балдардын мүлктүк укуктары боюнча мыйзамдардын аткарылышын текшерүүдө жаш өспүрүмдөр турак жай менен камсыздалбай келгендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чараларга ылайык, Өзгөн районунда төрт балага, ал эми Базар-Коргондо үч балага турак жай куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилип, тиешелүү укук тастыктоочу документтер тапшырылды.