Ата-энелерге эскертүү. Ар бир өспүрүм баңгизатка кабылуусу мүмкүн

Коом Загрузка... 02 Сентябрь 2025 09:40
87_EyXfhB3.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 02.09.25. /Кабар/. Бишкектеги ден соолукту чыңдоо борбору ата-энелерге кайрылып, жаңы психоактивдүү заттар боюнча өсүп жаткан коркунучтарды эске салуу менен балдарга жана өспүрүмдөргө өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Адистердин айтымында, өз алдынча калган балдар жана өспүрүмдөр түрдүү азгырыктарга азгырылып, баңги жана психоактивдүү заттарга кабылуу тобокелдиги жогорулоодо.

"Спайс", "меф", "туз", "чөп дары" деп аталган психоактивдүү заттар "легалдуу" банги заты катары сатылып, бирок иш жүзүндө өтө тездик менен жайылып калктын ден соолугуна олуттуу коркунуч жаратууда.

Колдонуунун кесепеттери

Дарыгерлер эскертишкендей, психоактивдүү заттар талма, тынчсызданууну, агрессивдүүлүктү жана курч психозду пайда кылат.

Когнитивдик функциялар начарлайт мисалы, эс тутум, окуу жөндөмү, жоопкерчилик сезими төмөндөйт.

Мурунку эффектке жетүү үчүн бул заттын көлөмүн дагы көбөйтүү талап кылынып, бул ашыкча доза кабыл алуу коркунучун жогорулатат.

Өзүнө-өзү көзөмөлдө сезими начарлап, кырсык окуяларына чалдыгуу жана агрессивдүү жүрүм-турумдун тобокелдиги жогорулайт.

Жеткиликтүүлүк

Өзгөчө кооптондурган нерсе психоактивдүү заттардын сатылышы барган сайын ачык болуп баратат: үйлөрдүн жана подъезддердин дубалдарында жайылуу каналдарын, дарегин көрсөткөн жазуулар пайда болууда.

Ден соолукту чыңдоо борборунан белгилешкендей, ар бир үй-бүлө ушул көйгөйгө туш болушу мүмкүн, андыктан мунун алдын алуу ата-энелердин балдарына болгон мамилесинен, камкордугунан башталат.